www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Бакыт Төрөбаев мындай сунушун бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Бакыт Төрөбаев жакында аймактык-административдик реформа жөнүндө Жарлык чыккандыгына токтолуп, анда урбанизация маселесине же шаарлардын ролун жогорулатууга көңүл буруу зарылдыгын чечмелеп берди. Анын айтымында, шаарларды өнүктүрүү үчүн адам саны дагы маанилүү ролду ойнойт. Буга байланыштуу ар бир төрөлгөн балага депозит ачуу керек. Бала 18 жашка толгондо окуусуна же иш баштоосуна түрткү болот.
Жакында эле Астанада өткөн “Жаштарга инвестиция” аттуу эл аралык иш-чарага катышып келген депутат Мирлан Бакиров коңшу мамлекеттердин жаштары тил билими, чет өлкөлөрдөн алган тажрыйбалары боюнча алдыга озуп кеткендигин белгиледи. Эл өкүлү биздин өлкөдө жаштарды колдоо боюнча эмне иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгына, аларды колдоо боюнча программаларга кызыгып, Өкмөткө толук маалымат берүүнү тапшырды.
Депутат Таалайбек Масабиров эл аралык, дүйнөлүк мелдештерге барып, байгелүү орундарды ээлеп келип жаткан спортчулардын көйгөйүн ортого салды. Анын айтымында, спортчулардын эл аралык иш-чараларга катышуусуна же иш сапарларына каралган каражаттар өз маалында берилбей, Өкмөттүн карызы 62 миллионго жеткен. Эл өкүлү Каржы министрлигине кайрылып, аталган карыздарды төлөп берүүнү талап кылды.
Кыргызстанда хоккей федерациясы 2007-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө 30 хоккей клубу бар. Алардын жетөө-балдардын хоккей клубдары. Бирок алар үчүн муз аянтчалары жетишсиз. Жакында эле “Алга, Бишкек” балдар хоккей командасы Канаданын Торонто шаарында өтүүчү мелдешке чакыруу алган. Мындай маалыматтар менен бөлүшкөн депутат Орозобек Алыбаев аталган командага бийлик тарабынан колдоо көрсөтүлсө жакшы болот эле дейт. Жыйындын жүрүшүн Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдоодо.
Булак: NazarNews.kg