www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сельчук Байрактар - 46 жаштагы Түркиянын белгилүү инженери. Президент Эрдогандын күйөө баласы. Стамбул Техникалык Университетин, Песильвания Университетин жана Массачусетс Техникалык Институтун аяктаган. Бир кесипкөй адам бир өлкөнүн даражасын көтөрүп коюуга мүмкүн экенинин даана үлгүсү десек болот. Билимге умтулуу, өз кесибинин профессионалы болуу, мекенчилдиктин үлгүсү катары Сельчук Байрактардын жакында берген маанилүү маегин биздин жаштарга пайдалуу болот деген максатта кыргызча которуп койдум.
"Азыр ойлонсоңор, мен жаш кезимде Түркияда бир да өзүбүз иштеп чыккан учак жок эле. Азыр болсо дүйнөдөгү биринчи куралдуу дронду массалык өндүрүшкө чыгарган өлкөбүз. Дүйнөлүк базардын 65%ы бизге таандык, анын 60%ы Baykar компаниясына таандык.
Бүтүн дүйнө «Кантип ушунча тез жасай алдыңар? Биз болсо 50 жылдан бери иштеп жатабыз.» деп сурап жатат. Кыскасы, бул чоң ишенимдин, чоң эмгектин, чоң адептин жемиши. Биз эч кимди айырмалабайбыз. Бир гана жалганга жол жок. Бул да абдан маанилүү нерсе.
Кызыл алма тууралуу:
Кызыл алма учагы ушул жылдан баштап массалык өндүрүшкө кирди. Кийинки жылы армиянын курамына кирет. Азыр тесттик учуштар жүрүп жатат. Учурда 6 Кызыл алма өндүрүш тилкесинде турат.
Бул учак өтө татаал. Мисалы, конуу системасынын өзүн ойлонгула: тормоздорунан тартып дөңгөлөктөрүнө чейин, музду аныктаган сенсорлоруна чейин — баары абдан татаал. Бул учак Акынжыга салыштырмалуу 10 эсе татаал.
Биз анын бардык системаларын өзбүз иштеп чыктык: конуу механизмдеринен тартып учуш компьютерине, гидравликалык системаларга чейин. Өндүрүш менен катар бул технологияларды субподрядчыларга да өткөрүп берип жатабыз.
Ошондой эле Кызыл алма — дүйнөдөгү биринчи массалык түрдө өндүрүлгөн куралдуу дрон-истребитель.
Байрактар TB3 болсо дүйнөдөгү биринчи кыска жолдуу кемелерге конуп-учкан учак болду. АКШ жана Израиль муну бизден мурда кылабыз дешкен, бирок биринчи болуп Түркия жасады. TB3 бир эле жолу эмес, 170 жолу кемеден учуп-конду. Ар кандай аба шарттарында сыноодон өттү.
Дүйнөнүн 42 өлкөсү катышкан «Дениз Курду» машыгуусунда биздин СУАлар автоматтык түрдө учуп, максатты тактап, өзүнүн камерасы менен лазер аркылуу белгилеп, бомбаларын таштап кайтып келишти. Бул дүйнөлүк тарыхта биринчи жолу болду.
Согуштун жаңы доору:
Рокетсан иштеп чыккан Supersonic ракета 5 Mach ылдамдыкта учат. Аны абадан коргонуу системаларынын атып түшүрүшү абдан кыйын. Бул да Түркиянын жаңы кудуретинин белгиси.
Бир кезде Түркия Жер Ортолук деңизине үстөмдүк кылган болсо, эми жаңы технологиялар менен ошол кудурет кайра кайтып келе жатат.
Мурда биз кемелер үчүн эч качан учак жасаган эмеспиз. Болгону тик учактарды сатып алып колдончубуз. Эми болсо биз өзүбүздүн биринчи улуттук деңиз учагыбызды иштеп чыктык. Бул — жаңы доордун башаты.
Анын артыкчылыгы — адам жок, толугу менен учкучсуз башкарылат. Бул чыгымды да азайтат, адамды да коркунучка салбайт.
Кызыл алма жана баа маселеси:
Кызыл алма салттуу согуш учактарына салыштырмалуу 5–10 эсе арзан. Кээде 20–30 эсе арзан болуп да калат, бул сатып алуу шарттарына жараша болот. Эң негизгиси — анын ичинде пилот жок. Демек, тобокелдик аз, чыгым да аз.
Учкучтар үчүн учуу машыгуулары өтө кымбатка турат. Ар бир F-16 же башка учактын чыгымында ошол бар. Ал эми учкучсуз системаларда мындай маселе жок. Ошондуктан бир F-16нын баасына жыйырма Кызыл алма жасасак болот.
Жаңы согуш концепциясы:
Түркия дүйнөдө дрондор менен согушта жеңишке жеткен биринчи армия болду. Бул — тарыхый өзгөрүү. Мурда дрондор жөн гана байкоо үчүн колдонулса, түрк армиясы аларды согуш куралына айлантты.
Сирияда, Ливияда, Азербайжанда — баары дрондордун жардамы менен жүрдү. Карабах согушунда да дрондор чечүүчү роль ойноду.
Эми болсо келечек — үйүр болуп учкан акылдуу дрондордо. Түркия бул тармакта лидерликти колго алды жана аны сактап калуу үчүн иштеп жатат.
Кызыл алма да ушул жаңы концепциянын бир бөлүгү. Ал аба-аба согуштарында да, аба-жер чабуулдарында да чоң роль ойнойт. Айрыкча абадан коргонуу катмарларын бузуп кирүүдө эң маанилүү курал болот.
Кызыл алма — түрк инженерлигинин символу. Ал келечекте түрк аба күчтөрүнүн негизги куралы болот. Анын чыгымы да аз, мүмкүнчүлүгү да жогору. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү үчүн жеткиликтүү альтернатива болот.
Автор, Бакыт Рыспаев