www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата-энеси тарбиялап, турмушка берсе келин-кыздарга дөңгөлөктөрдү байлап, ур-токмокко алып, видеотасмага тарткан бул өтө жаман иштердин бири. Ошондуктан келин-кыздарга мыйзам иштеш керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

Ошондой эле, ал жыйында аялдар тарабынан зомбулук көрсөтүлгөн учурлар катталабы деген суроону узатты.

“Расмий статистикага ылайык, 2018-жылдын жыйынтыгы менен эркектер тарабынан жасалган 4808 зомбулук жасалган. “Алардын 4232си жубайларына, 136 балдарына, 119 ата-энелерине, 319 башка туугандарына карата зомбулук жасалган. Ал эми аялдар тарабынан 417 факты катталган. Алардын 158и күйөөлөрүнө карата жасалган”, – деди депутат Исхак Пирматов.

Белгилей кетсек, бул жыйында “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости