www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакиевге;

Бакиевди жаманга чыгаргандар,

Бакиевди кетирип кубангандар.

Бакиевдей боло албай, ууру чыкты,

"Биздин уул" деп даңазалап тапканыңар.

 

Бакиев Ошко бүлүк салды беле?

Эки улуттун ортосун жарды беле?

Согушка себеп болуп калбайын деп,

Өлкөдөн чыгып кетип калды эле.

 

Бакиев Кытай тарап барды беле?

Олчойгон карыздарды алды беле?

Дача Сууда үй кулап, жетим ыйлап,

Бир айыл отко күйүп жанды беле?

 

Бакиев ТЭЦти уурдап жеди беле?

Бакиев кыргызды- мал деди беле?

Багып койгон согумдай шоферуна,

Президенттик аппаратты берди беле?

 

Бакиев хан сарайды курду беле?

Мин жылдык мөнгүлөрдү бузду беле?

Жаш өспүрүм балдарын Жапаровдун,

Көк ала койдой сабап урду беле?

 

Жазуучулар союзун уурдабады,

Музейге колун салып булгабады.

Гитаранын коштоосунда ырдап чыкмак

Бар болсо Бакиевдин уурдаганы.

 

Таластыкты Көбөшсүң деп атабаган,

Улуту жок паспортту каттабаган.

Бакиев ыйманы бар адам эле,

Белизден фейк документ жасабаган.

 

Ушак айтып, жалган сүйлөп алдабаган,

Майыпты сотко берип камабаган.

Бакиев өлкө үчүн, эли үчүн,

Бар күчүн, бар билимин аябаган.

 

Түштүктө элдин баарын топтободу,

Таш төгүп, кош мылтыгын октободу.

Бакиев беш жыл иштеп, бир да жолу

Жаман деп Акаевди поктободу.

 

Отко айдаса, бокко качкан эл болобу?

Жакшыны жаман деген оңолобу?

Жакшы хан күндө эле туула бербейт,

Бакиевди жаман дешти токтотолу.

Жакшы ханын жаман деген эл жарыбайт,

АШАны ээрчип, адашып жок болбойлу.

 

Азыр бизде уят барбы, намыс барбы?

Айтпастан жашыргыдай эмне калды?

Бакиевдей президент кайра чыкпайт,

Кыргызстанга алып келиш керек аны.

 

Атамбаевге:

Кыргыздарды малга теңеп: "мал" дедиң

Кытайлыктан карыз алып сен жедиң

Азап, ажал, апаат менен коштолду

Ажо болуп эл башына келгениң

Олтура бер, түбөлүккө олтургун

Орду ошер сендей болгон телбенин

 

Отунбаевага:

Көтөрө албай макамыңды, баркыңды

"Мырктар"дедиң сени баккан калкыңды

Кадыржанга басып бердиң кыргызды

Кечирбейбиз сендей канкор саткынды

"Өз элинин душманы" деп тарыхта

Кара менен жазмалайбыз атыңды

 

Текебаевге:

"Вы никто" деп кимди айттың билбедим?

Улгайсаң да адам окшоп жүрбөдүң

"Мен жараткан мыйзам менен жаша" деп

Калың кыргыз элин көзгө илбедиң

Кылмыш эч бир жазасы жок калбашын

Көпкөн Теке, көөп жүрүп билбедиң

 

Он жыл чардап каалагандай болдуңар

Кыргыз элин бычагы жок сойдуңар

Атыңардан айта турган күн келди:

ЭЛ ДУШМАНЫ деген атка кондуңар

 

Элге келген үч жаналгыч каргаша

Ээрчишип бирге жүрөт жанаша

Эки дүйнө оңолбойбуз билип кой

Эгер булар жазаларын албаса

Шамурза Борукулов, активист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости