www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Уланбек Эгизбаев атындагы көчө пайда болду. Бул тууралуу маркумдун досу Каниет Жыргалбеков «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Ак-Ордо жаңы конушундагы эң чоң көчөлөрдүн бирине журналисттин ысымын ыйгаруу жөнүндө чечимди жергиликтүү тургундар өзүлөрү кабыл алып, үйлөрдүн дубалдарына «Улан Эгизбаев көчөсү» деген такталарды тага башташты. Уланбек Эгизбаев көчөсүнүн узундугу эки чакырым.

Белгилей кетсек, белгилүү журналист Улан Эгизбаев 1990-жылы 12-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган. 2012-2013-жылдары "Жаңы агым" гезитинде кабарчы болуп, 2013-жылдан тартып, "Азаттык" радиосунда кабарчы иштеп баштаган.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев 2018-жылы Ысык-Көлдө каза болгон.

Ал коррупция тууралуу бир катар мыкты иликтөөлөрдү жасап, эл оозуна алынган жаш журналисттердин катарын толуктап келген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости