www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-сентябрь күнү коомдук ишмер, мурдагы элчи Азимбек Бекназаров Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал боюнча маалымат жыйын куруп чек ара, кызматтан алынуусу, Кумтөр сыңары бир катар маселелер тууралуу пикирин билдирген.
Маалымат жыйын учурунда «Мурдагы президенттердин жолунан кайт!» — деген Бекназаров өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.
Ал арада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун өзүнө эскертүү берип, билдирүү жазды.
«Бекназаровдун өзүнө эскертүү: 20 жыл мурун Аксыдагы кан сиздин айыңыздан төгүлгөн, бирок ошондо эл өтө эле ишенчээк болгон. Кимдин ким экенин убакыт көрсөттү! Бүгүнкү күндө, өзгөчө мамлекеттик чек ара маселелери боюнча туруксуздукка жана курчутууга жасалган аракеттер ийгиликсиздикке байланган», — деп жазган Байсалов.

Булак: NazarNews.kg