www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2007-жылы Биримдик айыл аймагында жайгашкан, спорттук курулуштар үчүн арналган 2,2 га жер тилкеси жер мыйзамдарын одоно бузуу менен жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук чара көрүү актысынын негизинде баасы 30,4 млн сомду түзгөн 2,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

Белгилей кетсек, социалдык жана маданий багыттагы кыймылсыз мүлктөр белгиленген максаттуу багыты боюнча пайдаланылышы зарыл. Мындай объекттер мыйзамсыз менчиктештирилген учурларда, алар прокурордук чаралардын негизинде мыйзам талаптарына ылайык мамлекетке кайтарылат. 

 

Последние новости