www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүлүктүдө коррупциялык схема менен салыктан качкан ишканалар жалаң таасирдүү, мурда-кийин чоң кызматты ээлегендерге жана алардын жакындарына таандык экенин аныкталды. Сүлүктүдөгү бул көмүр ишканалары сатуу жана коңшу өлкөлөрг ө экспорттоодо айрым мамлекеттик кызматкерлер аркылуу коррупциялык схема түзүп, кирешеге туйтунушкан.

Сүлүктү шаары Кыргызстандын эң четки шаарларынын бири. Борбор калаа Бишкектен 1000 чакырымдай, ал эми облус борбору Баткен шаарынан 150 чакырымдай ыраакта жайгашкан. 25 миңден ашуун калкы бар Сүлүктү шаары жайгашкан аймак көмүр казууга гана ылайыкташкан. Айыл чарбасы жана мал чарбасы менен жан багууга мүмкүн эмес. Тургундар көмүр ишканалары менен гана жан сактайт. Буга чейинки Сүлүктү шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча шаар аймагында жалпысынан каттоодон өткөн 43 шахта бар. Учурда алардын 32си иштейт. Жылына орто эсеп менен 300 миң тонна көмүр казылат.

Совет мезгилинде Сүлүктү шаары “Орто Азиянын кочегары” деп аталган. Ал кезде жылдык көмүр казып алуу 900 миң тоннага чейин жеткен учурлар болгон. Ачык маалыматтарда Сүлүктүдө жер астындагы “кара алтындын” запасы 180,0 млн. тоннаны түзөрү айтылат.

2017-жылдары кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иниси Замирбек Шадиевдин дагы “Нуркен” ишканасы атайын кызматтын текшерүүсүнө кабылгандардын арасында. Замирбек Шадиев жоюлуп кеткен Каржы полициясынын Сүлүктүдөгү бөлүмүндө иштеген.

Атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага салык төктүргөндөрдүн арасында эң көп каражат (48 275 171 сом) төлөгөн “Рио Групп” ишканасы бар. Ачык булактарда бул көмүр казган фирманын ээси - Макамбаева Асилхан Файзуллаевна. Асилхан Макамбаева 59 жаштагы Ильяскожо Ажибаевдин аялы экенин аныкталды. Алардын уулу - Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев.

Парламентте Ажибаев коррупцияга каршы жазаны күчөтүүнү сунуштап жүргөндөрдүн бири: “Коррупция боюнча жазаны күчөтүш керек болуп калды. Мисалы, мамлекеттен 100 млн жеп, 50 млн төлөп чыгып кетип жаткандар көп болуп жатат”, - деген Ажибаев.

УКМКнын тизмесинде ири суммадагы каражат (21 818 089 сом) төлөгөндөрдүн дагы бири - “Кен Ордо” ишканасынын расмий кожоюну Набиев Азамат Бурканович. Ал башкы прокурордун мурдагы орун басары, буга чейинки чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Нуркамал Набиевдин тууганы. Нуркамал Набиев Баткен облусунун прокурору болуп турган учурда Лейлектеги жер чырына байланыштуу кызматтан алынган.

Дагы бир кызыктуу жагдай, жогоруда кеп кылган депутат Чыңгыз Ажибаев Нуркамал Набиевдин күйөө баласы, тактап айтканда, депутат Ажибаев экс-прокурор Набиевдин кызына үйлөнгөн.

Каржылык ишмердиги шек жараткан ишканаларга ээлик кылган Сүлүктүнүн мурдагы мэрлери, азыркы жергиликтүү кеңештин депутаттары бар. Абдысамат Халбеков - Сүлүктүнүн экс-мэри. Ал баштап барган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шаардык кеңеште жети депутаты бар. Азыр ал “Ак-Булак Көмүр” ишканасынын ээси. 2021-жылы Халбеков мэр болуп турган учурда аткезчилик жол менен көмүр алып баратып оодарылып кеткен КамАЗ анын фирмасына таандык экени белгилүү болгон. Учурда анын тууганы Халбеков Абдугафар - Сүлүктү шаардык кеңешинде депутат.

Дагы бир экс-мэр жана жергиликтүү кеңештин депутаты Рахманберди Абдыназаров - “Нур” ишканасынын ээси. Журналисттер Абдыназаров мэр болуп турган учурда көп киреше тапкан аткаминерлердин катарында экенин аныкташкан. Көмүр казган “Нур” ишканасынын кожоюну Рахманберди Абдыназаровдун баласы Нурбек Абдыназаров дагы Сүлүктү шаардык кеңешин депутаты болгон. Бирок кийин мандатын тапшырганы белгилүү болду. Ал азыр ишкана жетекчиси. Ири ишканаларга ээ болгон депутат ата-баланын көмүр фирмасынын салыктарынын суммасы 63 млн. сомду чапчыйт.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин дагы бир депутаты Бактыбек Абдуназаровдун “Ахмат Кен” деген ишканасы УКМК текшергендердин арасында аты аталган. Анда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде иш козголуп, беш киши кармалганын, алар Кызыл-Кыядагы өткөрмө бекетинин эки инспектору, Соода-өнөр жай палатасынын Баткендеги бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү эки ишкер экенин кабарлаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости