www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир өлкө бар эле СССР деген, ошол өлкө бытыранды болуп тараган соң кээ бирөө Еврошаркетке кирди, Орусия менен Украина кармашып атат, кээ бирөө ит менен миыгыктай болуп жүрүшөт. Эптеп бул өлкөгө караган өлкөлөргө кыйынчылык түзүлүп турат. Азыр отуз жылдан бери мамлекет башында келаткан экинин бири Рахмон. Жакында Рахмон Душанбеде кенже кызын өлкөнүн башкы прокурору Юсуф Рахмондун уулуна турмушка узаткан. Фарзона Рахмон менен Сафархон Юсуфтун үйлөнүү үлпөтү шаңдуу белгиленди. Башкы прокурордун уулу Сафархон Юсуф Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Фарзона Рахмондун иши жөнүндө маалымат жок. Кыз узатуу Душанбедеги “Магнолия” ресторанында өткөнүн тастыкташты. Анын алдында көчөнү ремонттоп, ресторандын тышын сырдап, Эмомали Рахмон келген күнү жол жабылган.

Тажикстанда президенттин кудалары жана күйөө балдары өкмөттө негизги кызматтарды аркалашат же ири компанияларга ээлик кылышат. Эмомали Рахмондун кызы Озода анын администрациясын жетектейт. Президенттин улуу кызы Озода Рахмондун күйөөсү Жамолиддин Нуралиев мурда Улуттук банкта иштеген. Ал Душанбе-Хожент жолун тейлеген IRS компаниясына ээлик кылары айтылып келет.

Үчүнчүсү кызы Тахмина ички рынокто авиа билеттерди сатуу укугуна ээ болгон жалгыз компаниянын тең төрайымы. Президенттин үчүнчү кызы Тахмина Рахмон менен анын күйөөсү Зарифбек Давлатов да ийгиликтүү ишкерлер. Алар ээлик кылган агенттик Орусиянын шаарларына авиабилет сатуу боюнча эксклюзивдүү укукка ээ.

 Рахмондун дагы бир кызы Рухшона Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси. Президенттин төртүнчү кызы Рухшона Рахмондун күйөөсү Шамсулло Сохибов агасы менен бирге Тажикстандагы күйүүчү май базарын монополдоштуруп алган. Рухшона Рахмон өзү болсо бир жыл мурун Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган. Алтынчы кызы Зарина Тажикстандагы эң ири коммерциялык банктарынын бири болгон “Ориенбанктын” жетекчисинин орун басары.  Дагы бир күйөө баласы Байланыш министрлигинде.

Президенттин башка бир кызы Парвина Рахмондун күйөөсү Ашрафжон Гулов – Тажикстандын Түркиядагы элчиси. Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун бешинчи кызы Парвина өлкөдөгү ири фармацевтикалык компаниялардын бирине ээлик кылат. Ал административдик ресурстун жана мамлекеттик келишимдердин аркасы менен ийгиликке жетүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун тажик кызматынын иликтөөсүндө айтылат.

Рахмондун жети кызынын ичинен Парвинаны коомчулук дээрлик тааныбайт. Ал президенттин үй-бүлөлүк сүрөттөрүндө дээрлик көрүнбөйт. Ал тургай анын туулган жылы да белгисиз. Бирок анын бизнеси мамлекеттик телеканалда чагылдырылып турат.

2017-жылы негизделген Sifat Pharma мамлекет менен ири келишимдерди түзгөн. Душанбе шаарында 16 дарыканага ээлик кылат. COVID-19 коронавирустук пандемиясы учурунда компания өкмөткө өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттарды жана медикаменттерди сатып алууда ортомчулук кылган.

Иликтөөгө караганда, Sifat Pharma негизделгенден тарта 2023-жылдын сентябрына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги менен башка мамлекеттик медициналык мекемелерди дары-дармек менен камсыздоо үчүн 5,5 миллион долларлык мамлекеттик келишимдерди алган. Ага энчилеш дагы эки компания 326 миң доллардан ашык суммага мамлекеттик тендерлерди утуп алган.

Рахмондун тун уулу Рустами Душанбе шаарынын мэри жана тажик парламентинин жогорку палатасынын төрагасы. Атасы отставкага кетип же каза болгон учурда, ал мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп калат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости