www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан миңдеген жылдар мурун азыркы Израилде жашашкан еврейлер дүйнөгө тарап кетишкен. Алар мекенсиз калышкан, мурунку мекени болгон жерлерин арабдар менчиктеп алышкан. 1948-жылы  туш-тарапта тентип жүргөн еврейлер азыркы Израилге чогула баштайт, ал кезде 800 миң адам 1958 жылы 2 миллионго жетет, бүгүнкү күнү Израилдин калкы 10 миллионго жакын. 2023 жылдын 7-октябрында Иран жана ливандык шииттердин уюму  «Хезболла» колдогон «ХАМАС» тобу башында турган   палестинанын  террористтик тобу  Израилге карата  2,2 миң  ракетадан ашык сокку урушуп  Газ секторунда чоң масштабдагы согушту баштады. Палестиналык арабдар сектор Газ менен Израилдин чектеген чек арасынан өтүшүп, израилдин аскер обьекттерине кол салышып, көптөгөн адамдарды колго түшүрүшкөн. Эртең менен Израил согуштук абал жарыялап Израилдин премьер-министри Нетаньяху: «Газ секторун жер менен жексен кылабыз” деди. Азыркы учурда Газ сектору көздөй ракеталар жаадырылып, көп кабаттуу үйлөр быркырап, миңдеген адамдар өлүп, Израил запастагы 300 миң адамын согушка чакырды. АКШ баштаган Батыш Израилди колдоп Иранды талкалайбыз дешип жулунуп турушат.  

Еврейлердин тарыхы узак. Биздин доорго чейинки 586 жылы Навуходоносордун башкаруусундагы Вавилон тарабынан Иерусалим толугу менен кыйраган, бардык еврейлер сүргүнгө айдалган. «Бардык еврейлер … жоокер, офицерлер, бардык усталар менен көркөм өнөрчүлөр… кедей-кембагал адамдардан башкалары, сүргүнгө айдалсын» (2 Падышачылык, 24: 10-14). Вавилондо сүргүндө жүрүшкөн биринчи диаспорадагы еврейлер өздөрүн көрсөтө алышкан. Макс Димонт (Max Dimont) өзүнүн «Бүлүнгүс еврейлер» деген китебинде минтип жазат: «Вавилондун китепканаларында  еврей–интеллектуалдар көптөгөн жаңы идеяларды ачышкан.Кырк-элүү жыл сүргүндө болушкан еврейлер Вавилондун ишкерчилик, илим жана маданиятынын башында болушкан. Алар соодада да лидерлерден болушкан, илимий ишмерлер, башкаруучулардын кеңешчилери болушкан.

Биздин заманга чейинки 538 жылы персиялык падыша Улуу Кир еврейлерди өз мекенине кайтууга уруксат берет. Вавилондо ийгиликтүү соода жана бизнес кылышкан бай еврейлер Иудеяны кайра бутунан тургузуу үчүн мекенине кайтып жаткан еврейлерге финансылык жардам беришкен.Биринчи жасаган аракеттер ийгиликсиз болгон, бирок 1760 –жылы көчүп келгендер Ездра пайгамбардын жетекчилиги аркылуу Иени Неемиянын башкаруусунда кайра жаңыртышкан. Иерусалимди жана улутту буттарынан тургузушкан. Израилге кайтып келишкен «Вавилондук еврейлер» өздөрүнүн жакыр туугандары, алардан жарым кылым артта калышканын, башка улуттар менен ассимиляция болгондон улам тилдери да аралашып баратканын түшүнүшөт. Кирил Дарлингтон (Cyril Darlington)  «Адамдардын жана коомдун эволюциясы» деген эмгегинде еврей элитасынын бөлүнүп чыгышы менен интеллектуалдуу сабаттуулукка умтулуу башталат. Өз мекендерине кайтып келген еврейлер эки адатты бекем сакташа баштайт, биринчиден, акыл –эстин күчтүү болушу үчүн жандалбасташат жана Муса пайгамбардын беш биринчи китебин чыгарышып, динсиздер менен нике кылууга тыюу салышат.

Тооратта  Мусанын убагында байыркы еврей элинин Иудиаизм дини боюнча мыйзамдардын жыйындысы берилген. Иудиаизм боюнча сокур туурап гана тим болбойт, көп нерсени абстрактуу деңгээлде түшүнүш керек. Тоорат, Забур, Инжил бардыгы еврей элдеринен чыккан. Динсиздерге салыштырмалуу еврейлер таза кандуу келишкен. Ар бир тамактануунун алдында колдорду жуу, ар бир жумада эркектердин мончодо жуунушу жана  аялдардын ар бир менструалдык айыз мезгилинен соң тазаланып турушу алардын таза кандуу экенинин белгиси.  Еврейлердин чочконун этине тыюу салганы трихинеллез оорусунан сактаган. Ошондон улам, еврейлер аз оорушкан,алардын денеси аз запкы жегендиктен, акыл жөндөмдүүлүгү өрчүшүнө алып келген. Мындай көз караш бир гана жолу айтылып калган жок. Жон Хопкинс (Johns Hopkins University) университетинде фармаколог Дэвид И. Махт (David I. Macht) иликтөө жүргүзгөн, еврейлердин ыйык китебинде тыюу салынган тамак -аштардын көпчүлүгү уулуу болуп эсептелет. Шерон Моалем (Sharon Moalem) жазган «Оорулуу турмуштан сактануу» деген китебинде Песах маалында кээ бир тамактарды жебей койгондун себебинен улам, 13 кылымда болуп өткөн чумадан жана келемиштерден сактап калган. Андан тышкары да бай еврейлер Чыгыш Европанын калкына караганда кенен үйлөрдө жашаша турган, ошондуктан бул болуп өткөн эпидемияда азыраак жоготууларга учураган.

 Тооратты өз баласына үйрөтпөгөн атасы мыйзам боюнча чоң күнөө кылган болуп эсептелинет, ошондуктан futurepundit.comдо Мариса Ландау (Marisa Landau) еврей дини боюнча  балдарды билимсиз калтырбаш керектигин белгилеген. Андан тышкары еврей аялдары байыркы дүйнөдөн бери өтө сейрек кездеше тургандай билим алып, жазганды билип келген. Ландаунун айтуусунда еврейлерде жакшы адат бар, күйөө баласы окуп жаткан учурда 10 жыл боюу толугу менен материалдык жактан камсыз кылыш керек. Балким, «стипендия» дегенди еврейлер ойлоп табышы толук мүмкүн.

64 жылы  биринчи диний кызматкер  Иешуа бен Гамла (Joshua ben Gamla) 6 жашынан баштап балдардын милдеттүү мектептен окутуу тууралуу Указды кийирген экен. Жүз жыл ичинде еврейлер жалпы сабатсыздыкты жоюшуп,тарыхты ушундай жетишкендикке чыккан биринчи улут болгон.Бул прогрессивдүү указ көптөгөн демографиялык өзгөрүүлөргө алып келет. Билим алууда баанын жогору болушу 2 жана 6 кылымдарда фермердик чарбалардын басымдуулук кылышы, көптөгөн еврейлердин христианчылыкка өтүп кетишине шарт түзүп, еврей калкы 4 жарым миллиондон  1,2 миллионго түшүп кеткен.Тамырлашкан «евгеника» ушул жерде өзгөчө кырдаалдарды түзүп берген: биринчиден, балдарын камсыздандырууга күчтөрү жеткен бай жана акылдуу еврейлердин балдары билим алышып, еврей бойдон кала беришкен, экинчиден, жазганды, окуганды тез өздөштүрүп алышкан бардык акылдуу балдар еврей бойдон кала беришкен. Ал эми кимдер башка улуттарга кошулуп кеткен? Албетте, кедей-кембагал, билимсиз адамдардын балдары.

Биздин замандын башында  80-90% еврей калкы фермер болушкан экен. Бирок, 1000 жылдан соң алардын 10-20% гана фермердик чарбачылыкта калышыптыр.. Джошуа бен Гамланын Указынын негизинде белгилүү талаптар менен билим деңгээлин көтөргөн соң еврей балдары айылдардан шаарларга келишип, соода жана финансы, банк жана башка квалификациясы жогору турган кесиптерге өтө баштайт. Айылдын шаарга келе баштагандардын IQ көрсөткүчү өсө баштайт, шаар калкынын өсүшүнөн улам, технологиялар да өсө баштайт.Шаарда өскөн балдар айылда өскөн балдарга салыштырмалуу IQ көрсөткүчү боюнча жогору турат, ал эми еврейлер көпчүлүгү шаарларда турушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости