www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаровдун кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиеванын тоюна катышканы тартылган  видео социалдык медиада тараган. Көптөн бери аты, жыты менен дайынсыз жок болгон Бабанов «тирилип», бийликти көздөй соймолоп келаткандыгы тууралуу сөз болууда. Жапаров –Бабанов тиреши 2005 жылы Жапаров биринчи жолу финансы министри болгондо башталган. Анын ордуна парламентке Жапаров трайбалисттикке салып иниси Нурлан Жапаровду даярдайт, бирок кандосу Рахат Ирсалиевди колдогон Бабанов Жапаровдун бир көзүнөн жаш, бир көзүнөн кан тамызып жеңишке жетишет. Бабанов 2009 жылы биринчи вице-премьер кызматына келип АКБ «Кыргызстан» сыяктуу банктарды менчиктештирип, сайрандай баштайт. Жапаров менен бийлик талашкан Бабанов 2009-жылы КРдин биринчи вице-премьер карьерасын Жапаровго тартырып жиберген. Арийне, Бабанов 2010-жылдагы бийлик алмашууда «тирилип», АША президент болору менен өкмөт башчысына келип, Таластан жоолук салынып алып качкан Жапаровдун акесин тааныткан. Көпкө узаган жок, Текебаев, Ташиев баш болуп Бабановду өкмөттөн алып түшүшкөн. Бабанов кайра келем деген үмүт менен Боз-Бөлтөккө кыргыз туусун сайып кызматынан кеткен. Бул тилеги ишке ашкан жатабы? 

«Кыргыз-Орус» өнүктүрүү фондунан көп суммадагы кредит алууга ниет кылган Өмүрбек Бабанов эки жолу максаты орундалган эмес. Үчүнчү жолу Кубанычбек Кулматовго казак олигархы Машкевич  ортомчулук кылып Бабановго 17 миллион доллар алып берген. Фонддун уставы боюнча берүүлүчү кредит өндүрүшкө, айыл чарба, завод-фабрикаларга жумшоого максатталган. Өмүрбек Бабанов Машкевичтин жардамы менен фонддун принциптерин бузуу менен чоң суммадагы 4 пайыздык каражатка ээ болду. Аны Бишкек шаарынын чок ортосуна “Азия молл” деген соода борборун курган.

Жакында эле  Бишкектеги “Азия Молл” соода жана оюн-зоок борборунда Ленин райондук милициясы тарабынан  бомба изделди. Билдирүүгө ылайык, милицияга соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн: “Учурда жеринде тиешелүү кызматтар иш алып барууда. Борборго келген кардарлар, коноктор жана кызматкерлер эвакуацияланып, имарат курчоого алынды”, - деп билдиришкен милициядан.

 «Азия Моллду» салаардан мурун, Бабанов 2014-жылы жайында Пензада 370 миллион АКШ долларына салынган цемент заводунун ачылышында «Бажы Союзуна» кошкон салымы тууралуу божурап кеткен. Жылына 2 миллион тонна цемент берген завод бир гана Пенза аймагын эмес бүтүндөй Волга боюн жана Москванын тегерегин цемент менен камсыз кылып жатат. Кайсы бир «дардаң» жазат бул заводдо иштегендердин 70 пайызы кыргыздар деп. Ооба, Арстанбек Ногоев Пензанын губернаторунун инвестиция жаатында орун басары, бирок Пензага ошончо кыргызды алып барып койгон жок. Кыргыздардан Кыпчакбаева барды, ал ошол заводду башкарып турат дейт. Кызыгы Бабановдун кичи Мекени Таласта фасоль тиш оору болуп жатат. Өмүрбек Токтогулович 370 миллион долларды «Бажы союзун» бажарып жатам деп оолукпай эле, Таласка фасолду кайра иштетүүчү завод куруп койсо, фасолдун баасы өсүп элге жакшы болмок беле?

Бабановдун «мимикалары» же ал өз сөзүнө өзү чалынып жатат. Бабанов өз жакындарынын арасында өзүн  президент катары сезет. Аларга дайыма Бабанов жазып берген калптарды окуп берет, кокус президент болуп калса, Кыргызстан алдыңкы өнүккөн 10 мамлекеттин катарында болуп калат экен. Казакстан чейрек кылымдан бери алдыңкы отуз мамлекеттин катарына кошулуу идеясы менен келатат. Биз Бабанов президент болуптур деп АКШдан оозуп кетпейбиз.

Жапаровду жээрип жатканы Көл-Талас мамилесине чок ыргытып жатканы. Бабановдун сүйлөгөнүн талдап көрсөк, «эмне үчүн Көлгө бийликти берип коюшубуз керек» деген трайбалисттик жыт чыгып турат.

 Бабан – деген кыргызда ат жок. Бабановдун чоң атасынын ысымын ким койгон. Бабан – күрд сөзү. Бул айткан сөзүнөн чыкпай, түкүрүгүн кайра жалаганына караганда кыргыздын гени азырак окшойт Күрд княздыгы Бабан эмираты аталган. Күрддөр РПК аркылуу бир гана күрддөргө, анан жээндерине гана көмөк көрсөтүшөт. Өмүрбек Бабановдун таяке-тайы күрддөр. 2005-жылга чейин Айдар Акаев, ал эми 2010-жылга чейин Максим Бакиев менен ынак болуп келген Өмүрбек Бабановдун камалбай, кылмыштары ачылбай калышына көп себептер бар. Өмүрбек Бабанов жетектеген “Республика” фракциясы парламентте көп жылдары оппозициялык азчылыкта турганы менен, көпчүлүк коалициянын көз карашын колдоп келген. Акыркы жолку Бабановдун иш аракеттери президенттин саясатын ачык эле колдоп, эч кандай сын пикир айтканга батынган эмес. Тескерисинче ким президент болсо туура эмес жүргүзгөн саясатын дагы кубаттап келген. 
2017-жылы башында оппозициялык топтор биригип, элдеги нааразычылык курчуп, Атамбаев Текебаев ортосундагы тиреш туу чокусуна жеткен. Карапайым элден колдоо таап, толкуган элди ээрчитип, оппозициялык күчтөрдү бириктирүүгө камынып жаткан Өмүрбек Текебаевге жалаа жабылып, ал камакка алынды. Ага карата жалаа уюштурган Өмүрбек Бабанов экенин башкалар биле бербесе керек. Эмесе мындай, Өмүрбек Бабанов премьер министр болуп турганда аны кызматтан Текебаев кетиргени үчүн, экөөнүн ортосундагы эски кек калган. Ыңгайын күтүп келген Өмүрбек Бабанов эл аралык аренадагы афералар менен алектенип келген Маевскийди таап, Текебаевге карата каралоо операциясын уюштурууга шарт түзүп, бийликке Текебаевди жыгып берүү жолун көрсөткөн. Ал тургай Маевский бул оюнга катышып, баш каарманды ойноп бергени үчүн Бабановдон жакшы эле “гонорар” алган. Бул кызматы үчүн Атамбаевге бир сөөмгө жакындаган.
Ошол себептен Текебаев камакка алганда КТР менен тең жарышып Бабановго таандык НТС каналы дагы маалыматтык чабуулга чогуу кирген. Кийин, Садыр Жапаров Алматы аркылуу Кыргызстанга келип баш аламандык жаратып, бийликти басып алууну көздөп жатыптыр деген коркунуч жаралганда так ушул Бабановдун телеканалы Садыр Жапаровду болушунча жамандап, башынан ылдый жугунду төккөн. Аны менен гана чектелбеген Бабанов бийлик Садыр Жапаровго каршы чогултуп даярдаган “Мекен Шейиттери” сыяктуу жарма патриот, жалданма митингчилердин чыгымын каржылап берген. Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун камалышына салымы чоң. 
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости