www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023 -жылдын 9-октябрынан 13-октябрына чейин Кыргызстандын аймагында Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмуна кирген өлкөлөрдүн тынчтыкты сактоочу бөлүкчөлөрүнүн биргелешкен "Нерушимое братство" машыгуулары өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бириккен штабынын башчысы Анатолий Сидоровдун Бишкектеги жолугушуусунда айтылды.

"КР Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрынан 13-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен биргелешкен "Нерушимое братство-2023" машыгууларына даярдоо жана өткөрүү маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта. 

Сидоров Кыргызстанга "Нерушимое братство-2023" биргелешкен машыгуу өткөрүлүүчү жерлерди чалгындоо максатында келген."Сапардын жүрүшүндө ал окуу жайларына Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин контингенттерин жайгаштыруу жана колдоо тартиби, машыгуу пункттарын жайгаштыруу жана машыгуулардын негизги тактикалык эпизоддорунун практикалык суроолорунун тизмеси менен таанышуу үчүн барган", - делет маалыматта. 

Белгилей кетсек, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун мүчөлүгүнө Орусия, Казакстан, Беларусь, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Армения да мүчөсү бирок катышуудан баш тартты.

Кубанын парламенти ЖККУга (ОДКБ) кошулуу тууралуу добуш беришти. Куба жакында ЖККУга (ОДКБ) кирүү үчүн арыз берет. Бул чечим бир добуштан кабыл алынган. Женевадагы,Брюсселдеги,Венадагы  Орусия менен Батыштын сүйлөшүүлөрү эч маселе чечкен жок. Орусиянын талабы аткарылбаса, кандай кокустуктар келип чыгышы мүмкүн:

1.Орусия НАТОнун душмандары менен бириге баштайт. Кайрадан “кансыз согуш” башталат. Кытай менен ШКУ аркылуу бириккен эми биротоло НАТОго каршы күчкө айланат. Иранга,Түндүк Кореяга, Ливияга, Ооганстанга кол сунат.

2.Америка континенттиндеги АКШга баш бербей турушкан Куба, Венесуэла, Никарагуа сыяктуу мамлекеттеди жанына топтойт. Керек болсо ал жакка ядролук куралдарын жайгаштырат.

3.ЖККУ (ОДКБ) Казакстанда өзүн көрсөтүп койду.Орусиянын тогуз облусу менен чектешкен, миңдеген чакырым чек ара линиялары бар Казакстандын 18 пайызы орустар.  Казакстанга 70 учак менен аскерин кийирип, башаламандыкты заматта таш-талканын чыгарды. Калгандары аны колдомуш болушту. Орусия НАТО менен тирешип турганда Казакстанды колдон чыгарбай кармап калганы дурус болду. Болбосо, бул мамлекетти колдон чыгарып жиберсе Орусия үчүн өтө жаман болмок.

1991-жылдын 15-майында СССРден калган бир топ мамлекеттер Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмун түзгөн.  Кийин Азербайжан, Грузия, Белорус кошулган. Бул келишим 1994-жылы күчүнө кирип, беш жыл сайын узартып туруу каралаган, 1999-жылы Армения, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан  бул келишимди узартышып Азербайжан, Грузия, Өзбекстан келишимди токтотушкан. Жамааттык коопсуздук келишим уюму ал кезде күчкө кире элек эле. Ошондуктан, Кыргызстандын аймагына 1999-жылы можахеддер кирген учурда Жамааттык коопсуздук келишим уюму  эч кандай саясий жана аскердик жардам бере алган эмес. Тескерисинче, мурун Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө болуп жүргөн, ал кезде Ислам Каримов президент болуп турган  Өзбекстан можахеддерге сокку урабыз деген шылтоо менен кыргыз айылына сокку уруп кеткен.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындары

  1. Ташкенде 1992-жылдын 15-майы;
  2. Москвада 1992-жылдын  6-июлу;
  3. Ашхабад 1993 - жыл;
  4. Алматы, 1994 - жыл;
  5. Минск, 1995 - жыл;
  6. Москвада, 1995 - жыл;
  7.  Москвада, 1996 - жыл;
  8. Москвада, 1997 - жыл;
  9.  Москвада, 1998 - жыл;
  10.  Москвада, 1999 - жыл;
  11. Москвада, 2000-жыл;
  12.  Ереван, 2001-жыл;
  13. Москвада, 2002-жыл;
  14. Дүйшөмбү, 2003-жыл;
  15. Астана, 2004-жыл;
  16. Москвада, 2005-жыл;
  17. Минск, 2006-жыл;
  18. Дүйшөмбү, 2007-жыл;
  19. Москвада, 2008-жыл;
  20. Москвада, 2009 -жыл;
  21. Москвада, 2009-жыл;
  22. Москвада, 2010-жыл;
  23. Бишкек, 2010-жыл.
  24. Астана, 2011-жыл;
  25. Москвада. 2012-жыл;
  26. Сочи, 2013-жыл;
  27. Москвада, 2014-жыл;
  28. Москвада, 2014-жыл;
  29. Дүйшөмбү, 2015-жыл;
  30. Ереван, 2016-жыл;
  31. Минск, 2017-жыл;
  32. Астана, 2018-жыл;
  33. Бишкек, 2019-жыл;
  34. Онлайн сүйлөшүү, 2-декабрь 2020.
  35. Дүйшөмбү, 2021-жыл

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости