www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэрлигине экс-депутат Азиз Суракматов тапталып жатканы айтылууда. Аны депутат Иса Өмүркулов сүйрөп баратканы айтылат. Маалыматтар боюнча, анын талапкерлиги астыртан сунушталып, ажо тарабынан “добро” берилген жана шаардык кеңештин депутаттары аны талкуулап жатышат. Социалдык тармактардагы дагы бир кабарларга караганда, А.Суракматов бүгүн түштө Бишкектеги “Фрунзе” ресторанында фракция лидерлерин сыйлап чай берет.
Азиз Суракматов 2010-жылга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, спикери болгон. Андан кийин 2015-жылга чейин “Республика-Атажурт” партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Курулуш тармагында ири бизнеси бар.
Булак: NazarNews.kg