www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун тоолуу аймактарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында «Өспүрүм-Түн» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.

Иш-чараны Баткен РИИБдин А. Шагамурзаев атындагы Таян милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тейлеген аймактарда жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар, мектеп мугалимдери жана ата-энелер менен жолугушуп, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, балдардын укуктарын коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле ата-энелерге балдарын кечки убакта көзөмөлсүз калтырбоо, алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу жана өспүрүмдөр тарабынан ар кандай укук бузуулардын алдын алуу зарылдыгы эскертилди.

Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете элек балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу.

Последние новости