www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда калдыктарды башкаруу тутумун туруктуу өнүктүрүү жана циркулярдык экономиканын принциптерин киргизүү максатында ӨКЖ (РОП) принциби этап-этабы менен ишке ашырылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы механизмдер пайдалуу калдыктарды максималдуу кайра иштетүүгө жана аларды чарбалык жүгүртүүгө кайтаруу аркылуу экинчи продукция же экинчи материалдык ресурстарды алууга багытталган.

Бул багытта калдыктарды бөлүп чогултууну үй шартынан баштап кеңейтүү жана масштабдоо маанилүү. Ошондой эле калк арасында, айрыкча жаш муундарда экологиялык маданиятты калыптандырууга басым жасалууда.

Министрлик белгилегендей, калдыктарды өзүнчө чогултуп, кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрүп берүү алардын сапаттуу кайра иштетилишине, көлөмүн эсепке алууга жана курамын аныктоого шарт түзөт. Бул багытта калдыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук база да жакшыртылган.

ӨКЖ принцибинин алкагында калдыктардын түрүнө жана кайра иштетүүнүн татаалдыгына карабастан, заманбап «жашыл» технологияларды колдонуу менен кайра иштетүү секторун өнүктүрүү пландалууда.

Министрлик мындай ыкма экинчи материалдык ресурстарды кайра жүгүртүүгө киргизүүгө жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө болорун белгилейт.

Последние новости