www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азербайжан июнь айында Түркияга түтүк аркылуу жаратылыш газын жеткирүү көлөмү боюнча Орусияны артка калтырып, биринчи орунга чыкты.
Түркиянын Энергетика рыногун жөнгө салуу башкармалыгынын (EPDK) маалыматына ылайык, июнь айында Азербайжан Түркияга 1,01 млрд куб метр газ экспорттогон. Иран 883 млн куб метр менен экинчи, Орусия 882 млн куб метр менен үчүнчү орунду ээледи.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын алгачкы беш айында Түркиянын түтүк аркылуу газ жеткирүү боюнча негизги камсыздоочусу Орусия болгон.
Июнь айында Түркиянын жалпы жаратылыш газ импорту 3,06 млрд куб метрди түзүп, жылдык көрсөткүчтө 6,19%га төмөндөгөн. Анын 2,78 млрд куб метри түтүк аркылуу, 282 млн куб метри суюлтулган жаратылыш газы (СПГ) аркылуу келген.
Ошол эле учурда Түркияда газ керектөө 4,59%га өсүп, 2,83 млрд куб метрге жеткен. Июнь айынын соңунда өлкөнүн газ сактагычтарында 5,27 млрд куб метр жаратылыш газы болгон.