www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юстиция министри Аяз Баетов тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирди. Министр Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар карыз албаганын 25-июлда Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Кытай Эл Республикасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 1 миллиард 796 миллион 853 миң 530 доллар карыз алынган.

"2020-жылдан бери Кыргызстандын Кытайдан жаңы карыз алуусу болгон эмес. Тескерисинче, ушул убакыт аралыгында 419 миллион 840 миң 537 доллар төлөнүп, учурда карыздын калдыгы 1 миллиард 377 миллион 12 миң 993 долларды түзөт. Бул каражаттар белгиленген график боюнча өз убагында төлөнүп жатат", - деди министр. 

Последние новости