www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине катышты.
Иш-чарага Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Төрага бүтүрүүчүлөрдү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, Кыргыз-Россия Славян университети 33 жыл ичинде сапаттуу билим берүүнүн жана эл аралык кызматташуунун маанилүү борборлорунун бири болуп калыптанганын белгиледи.
Марлен Маматалиев жаш адистерди алган билимдерин өлкөнүн өнүгүшүнө багыттап, кесипкөйлүк жана жоопкерчилик принциптерин бекем карманууга чакырды.
Ошондой эле профессордук-окутуучулар курамына жана ата-энелерге жаштарды тарбиялоого жана сапаттуу билим берүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Салтанаттын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылып, алардын келечектеги эмгек жолуна ийгиликтер кааланды.