www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай жарандары Кыргызстанга кирүү жана чыгуу саны боюнча биринчи орунда эмес экенин юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Чек ара кызматынын маалыматына таянып, кытайлар КРдин аймагына кирүү саны боюнча бешинчи орунда турганын жазды.

Министрдин жарыясындагы маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанга 128 миң 17 Кытайдын жараны келген. Ал эми алардын чыгуу саны 108 миң 641ди түзөт.

«Эң негизгиси виза менен келишет, виза мөөнөтү аяктаганда кайра чыгып кетишет. Толук мамлекеттин көзөмөлүндө. Албетте иштегени келгендер көптүк кылат. Себеби долбоорлорду ишке ашырып, завод-фабрикаларды салып жатышат», - деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.

Мындан тышкары Баетов Кытайдан келген туристтердин саны аз бойдон калып жатканын кошумчалады.

Последние новости