www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 7-мартта Бишкектин Свердлов районундагы Алма-Ата көчөсүндө автоунаа оңдоочу жайда чыккан өрттөн төрт машине толугу менен күйүп кеткенин билдирди.

Өрт саат 15:15те чектөөгө алынып, саат 16:03тө толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн. Аны өчүрүүгө үч өрт өчүрүү автоунаа тартылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Последние новости