www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атлантика океанынын жүздөгөн метр тереңинде адамзатка белгисиз бойдон кала берген өзгөчө дүйнө жашайт. Ал илимде «Жоголгон шаар» деп аталган гидротермалдык аймак болуп, бул жерде жашоо күн нурусуз, кычкылтексиз жана кадимки жылуулуксуз эле өнүгүп келген.

Бул керемет аймак 2000-жылы океандын түбүндөгү тоонун жанынан, 700 метрден ашык тереңдикте табылган. Караңгылыктын арасынан ак түстөгү, мунара сымал зор таш түзүлүштөр көтөрүлүп турат. Айрымдарынын бийиктиги 60 метрден ашат. Алар миңдеген жылдар бою акырын өсүп, табияттын өз алдынча түзгөн уникалдуу архитектурасын жараткан.

Көпчүлүк гидротермалдык булактар магманын ысыгынан пайда болсо, «Жоголгон шаарда» процесс таптакыр башкача жүрөт. Бул жерде океандын суусу Жер мантиясынын тектери менен реакцияга кирип, сутек, метан жана башка газдарды бөлүп чыгарат. Температурасы салыштырмалуу төмөн — 40°Ске чейин гана жетет, бирок химиялык активдүүлүгү өтө жогору.

Мындай шарттарда өзгөчө жашоо формалары пайда болгон. Бул жерде микробдор, бактериялар, моллюскалар жана рак сымал жандыктар жашайт. Алар энергияны күн нурунан эмес, химиялык реакциялардан алышат. Айрым микроорганизмдер кычкылтексиз да жашай алат. Бул илим үчүн өзгөчө маанилүү табылга болуп эсептелет.

2024-жылы окумуштуулар бул аймактан 1 268 метрлик мантийалык керн алышкан. Ал Жер жүзүндө жашоо кантип пайда болгонун түшүнүүгө жардам берет деп күтүлүүдө. Бул жерде органикалык заттар күн нурунун таасирисиз пайда болгону эң маанилүү жагдай болуп саналат.

Бирок бул табигый керемет коркунуч алдында турат. 2018-жылы аймакка жакын жерде пайдалуу кендерди чалгындоого уруксат берилген. Адистер өнөр жай ишмердүүлүгү миңдеген жылдар бою калыптанган бул назик кайталангыс экосистеманы бузуп салышы мүмкүн деп коңгуроо кагышууда.

Ошондуктан көптөгөн илимпоздор «Жоголгон шаарды» ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү демилгесин көтөрүп жатышат. Алардын пикиринде, бул аймак — Жердеги жашоонун сырларын ачууга жардам берген жандуу лаборатория жана келечек муундар үчүн сакталууга тийиш болгон уникалдуу табият керемети.

 

Последние новости