www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ататүрк паркындагы үйлөр бузулбай турган болду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, Ататүрк паркындагы турак жайларды бузбоо боюнча чечим кабыл алынды. Үй ээлери паркты өнүктүрүүгө жалпы 500 млн сом бөлүүгө макул болушкан. Учурда анын 97 млн сому чогулду.

Мэрдин маалыматына ылайык, парктын аянты 107 гектар деп аныкталган. Конституциялык сот мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапкан, бирок турак жай ээлеринин жерлерине мурда эле менчик укугу берилгендиктен, соттук иш уланууда.

“Сот иштери узакка созуларын билгендиктен орток чечимге келдик. Топтолгон каражат Ататүрк жана башка парктарды өнүктүрүүгө жумшалат. Мындан тышкары, мурда курулушка берилип, бирок иштер башталбаган 5,12 гектар жер кайра парктын карамагына кайтарылды”, — деди Жунушалиев.

Последние новости