www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ататүрк паркында оңдоп-түзөө ишитери башталат

Борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк атындагы паркты реконструкциялоо долбоору менен таанышып, шаардыктар менен жолукканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкектин Шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан долбоордун алкагында паркты реконструкциялоо иши ооган жоокерлерине эстеликти, балдар аянтчаларын, сахнаны, спорт аянтчаларын, иппотерапия аянтчасын куруу, көлмө жана кароол аянтчаларын уюштуруу камтылган.

Мындан тышкары, 3 чакырымдык чуркоо жана 3.6 чакырым велосипед жолу салынат. Жалпы аянты 77 000 чарчы метрди түзгөн жөө адамдар өтүүчү тротуарлар жасалат. Сугат системасы орнотулат жана башка инфраструктуралык иштер жүрөт.

Мэр шаар кызматтарына курулуштун мөөнөтү жана сметасы көрсөтүлгөн маалымат тактасын орнотууну, ошондой эле иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мэрия коопсуз жана ыңгайлуу велосипед жолун куруу максатында айрым аймактар тазаланарын, жапайы бадалдар жана текшерүүдө авариялык деп табылган дарактар гана алынарын кошумчалады. Ал эми башка өсүмдүктөр толук сакталарын белгиледи.

«Иштер жаңы дарактар жана бадалдар отургузулат. Бул аракеттердин баары паркты шаар тургундары үчүн дагы жашыл, жагымдуу жана ыңгайлуу эс алуу жайына айландырууга багытталган», — деп жазылган маалыматта.

Последние новости