www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүйлөшкөн кызым бир үйдүн жалгыз кызы. Ата-энесинин башка балдары жок. Болочок кайнатам жакшы кызматтарда иштеп жүрүп эс алууга чыккан, кайненем мугалим. Экөө тең илим-билимдүү адамдар.

Жакында эле шаардын четиндеги үйүн сатышып, Бишкектин ичинен заманбап батир алышты. Кайнатам кызына «жолдошуң үй салам деп кыйналбай эле биз менен жашай берсин, үй кенен. Биз сен кетсең жалгыз калабызбы? Үйдү талашчу адам деле жок, небере багып жашайлы» деп жатыптыр.

Мен үйдүн улуу баласымын. Атам дыйканчылык менен алектенген, апам мугалимдик кесипти аркалап жүрүп пенсияга чыккан жөнөкөй үй-бүлөнүн уулумун. Менден башка эки иним бар. Атам «өз алдыңарча үй салгыла, өз үй, өлөң төшөгүңөр болсун, эч качан келинчегиңердин үйүнө кирип жашабагыла» деп тарбия берген.

Атамдын тилегине каршы, менин сүйлөшкөн кызым бир үйдүн жалгыз кызы болуп калды. Алар кызын эч жакка жибергилери келбейт. Мен атама иштин чоо-жайын айтсам, асман айдан секирип, мага таарынып сүйлөшпөй жатат. «Эртеби-кечпи «күч күйөөсүң» деген сөздү угасың, аялың бир күнү үстөмөндүк кылат, алыңа жараша эле жөнөкөй үй-бүлөнүн кызын ал. Үй сал, жардам берем» деп такыр сөзүмдү укпай койду.

Бирок, мен сүйлөшкөн кызымды жакшы көрөм, башка кызга үйлөнгүм келбейт. Үй-жайы үчүн деле эмес, болгону биз көптөн бери бири-бирибизди түшүнүп, көп жылдык сезимибизди сактап келе жатабыз. Атамдын сөзүнө каршы чыгып үйлөнүп алсам өкүнүп калбаймынбы?

Булак: Fabula.kg

Последние новости