www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) бүткүл республикалык курултайы эртең, 3-апрелде Кыргыз драма театрында өтөт. Ага чакырылган 300 делегаттын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлү Сагынбек Абдрахманов билдирди:

- Атамбаев партиянын лидери катары милдеттүү түрдө болушу керек. Ага чакыруу кагазы берилген. Күн тартибинде Алмазбек Шаршеновичтин төрага катары отчетун угуу, аны талкуулоо турат. Экинчиден уставга өзгөртүү киргизүү жана саясий кеңештин мүчөлөрүн кайрадан шайлоо маселелери турат. Атамбаев «мен КСДПнын төрагасымын» деп жатпайбы. Төрагасы болсо келип отчетун берсин. Биз бир эле партиябыз.

Сагынбек Абдрахманов башында турган «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйынын уюштуруп келаткан топ 29-мартта Ошто конференция уюштурган. Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын кезексиз XVIII съезди болорун жана ал «КСДП тазалануу жана жаңылануу жолунда» деген ураан менен өтөрүн жарыялаган.

Марттын башында парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов КСДПнын XVIII курултайы 3-апрелде өтөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости