www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттен Камчыбек Жолдошбаев коррупцияга шектелип агкан бир катар чиновниктерди зекиген болчу. «Кусуп эле койгула, болбосо түрмөдөн «караларга» төлөйсүңөр...» деген маанайда. Көрсө, бул сөз бекер айтылбаптыр...
Көп өтпөй Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев камалды. (Кийинки жумада Бишкек мэри Албек Ибраимовдун УКМК СИЗОсуна киргизилерин эшиттик.)
Тар чөйрөдөгү айрым кептерге карагаңда, Исаков, Кулматов, Артыкбаев ж.б. ТЭЦ боюнча камалган шериктери да чоң суммадагы акчага «сынышары», түрмө мыйзамына ылайык төлөп турушары ыраспы?
Тергөөчүнүн астында жооп берүүдөн сырткары УКМК абагында моралдык-психологиалык жакта н катуу соккуга кабылышарын да божурагаңдар жок эмес.
Баса, буга чейин «Түндүк» бажысынын экс-начальниги Нурбек Айбашевдин хансарайы чагылдырыльш, колуна кишен салынган. Айбашевдин мойнуна салык салынып, түрмөдөн 2 миллион доллар төлөп бердиби?
Же мыңдай сөздөрдү күч органдары атайын эле чыгарып атышабы? Айтор, неси болсо да жооп берип коюшса жакшы болмок. Ошентип, Алмазбек Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү
текши уурулукка шектелип, четинен камалып атканда Аликбек Жекшенкулов «Независимая газетага» интервью берип, Кыргызстандагы саясый акыбал боюнча талдоо жүргүзгөн. Аликбек мырзанын баамында, Атамбаев жакында камалат же качат. Себеби, анын 6-7 жылдык бийликте жүргөн мезгилинде чоң коррупциялык иштер болгону айтылат. Атамбаевдин тагдырын чечүүдө Жекшенкулов бийликке идея берип атканы жөн жерден эмес. Анүстүнө «Независимая газета» эл аралык чөйрөгө жакшы тарайт. Сыягы, кектешүү, өч алуу жагынан катуу кеттик го...
Булак: АЗИЯnews