www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлүм улук, өлүм ак. Ажал ар бирибиздин башыбызда турат, бирок жоготуунун кечи буйрусун баарыбызга. Угуп алып уйгу-туйгу болдум. Өгүнү бир илбирс, браконьердин азабынан жарадар болсо, ошого элчиси баш болуп, бейөкмөтү төш болуп чуркап жүрөт, көзү көрсө, ирденсе эркин коё беребиз дешип... Эмне үчүн азуу салган жырткычка төккөн мээрим, пендеге ажал келгенде ойгонбойт же биз манкурт болуп баратабызбы? Арадан 15 жыл өттү, айыбын мойнуна коюп, атасын отургуза албасаңар, көзү өтүп кеткен баласында эмне күнөө же бийликте отурган адамдар өлбөс Кащейби? Ажал деген апаат хандын да, кыбырап жүргөн пенденин башында турат.

Ар бир ата-эне "ушу балам бутуна туруп кеткичекти, өлбөй турсам экен, ушу баламдан мага топо буйруса экен" деп ичинен тиленет. Атага уулдун өлүмүн көрсөтпөсүн. Акаевдин улуулугу ушунда болду, бийликке тырмышпай, бирөөсүнө ок жаңылып кетсе, кыргыздын каргышы мага тийбесин деп чыгып кетти, болбосо бийлигине таянып, канды селдей агытам десе, күч түзүмдөрүнө аттырмак, бирок ошого барбады. Ханы качкан элдин куну качат экен, экөөсүн качырып, кыргыздын чокусуна мүйүз чыгып, тумшугуна ырыскы бүткөн жок. Башкарганың эстүү болсо, "камайм, жайлайм!" деп үркүтпөстөн, жакшылыкча сүйлөшсө деле, алып кеткенин бөлүшөр беле деген ой кылт этет, ой мыйзам жолу менен экөөсүнөн бир тыйын өндүрө албай койбодуңарбы...

Тарых баарын орду ордуна коёт, убагында бийлигине чиренген Усубалиев, Раззаковдун сөөгүн Маскөөдөн апкелбей пас иш кылган, орус мүрдөсүндө жаткан Исхакты, чейрек кылымдан кийин, ушу Акаев апкелип, кыргыз жерине сөөгүн жашырган. Аскар Акаевичтин өткөндө, бир маегин окуп калдым. "Мен эми бир топ өмүрдү жашап койдум. Ажал качан буйруйт ал кудайдын амиринде, көзүм өтүп кетелекте, эл-жериме барып, непадам өтүп кетсем, өз жеримден топурак буйруса экен..." деген кебин угуп жан дүйнөм куйкаланып кеткен, кыргыздын атка минерлери Атамбаевдей кекчил болбогула, улугуңарды сыйлай билгиле, ажалдын алдында пенде алсыз, бийлигин бүгүн бар, эртең жок. Аскар Акаевич, уулуңуз-Айдар менен , Чилтен тууганыңыздын уулу Кубан дүйнө салыптыр, аза кайгысына алдырбай, кайрат кылыңыз. Ден соолукта болуп, сааты чыкса кайрылып келиңиз....

Сооронбай Шарипович, жаштык жериңиз калбады, пайгамбар жашына келип калдыңыз, кыргыздын алгачкы президенти Аскар Акаевдин уулу дүйнө салыптыр, ушуга кыргыздын эки метр жери буйрусун. Бишкекти ыраа көрбөсөңөр, Кеминге коёлу сөөгүн...,-деп Президентке кайрылуу кылган Фейсбук социалдык баракчасынын колдонуучусу Жамиля Насирова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости