www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев жаӊы партиянын төрөгасы болду «Ала-Тоо» ресторанында курлтайы өтүп…

Белгилүү болгондой жакында саясатчылар Медет Шаримкулов, Аргынбек Малабаев, Керим Атамбаевдер «Улуу журт» деп аталган партия ачышып, анын биринчи жыйынын 300дөй адам менен Балыкчыда өткөрүшкөн. Андан кийин түштүктө өткөрүшсө, бүгүн болсо чоӊ курултайын Бишкекте жүздөгөн адамдардын катышуусунда «Ала-Тоо» ресторанында өткөрүштү.

Бул жаӊы ачылган партиянын -төрагасы болуп түштүктөн чыккан чоӊ бизнесмендердин бири, «Улуттар биримдиги» ( качкында жүргөн Мелис Мырзакматовдун ) партиясынан Ош шаардык кеӊешинин мурунку чакырылышына депутат болгон Атамбаев Керим Жаныкович шайланганы маалым болду. Бул адамдын «Холдинговая компания Оржемиль» ж.б. компаниялары бар.

Буга чейин анын компаниясы салыктан жеӊилдик алгандыгы боюнча сындар айтылган. Дагы бир айта кетчү маалыматтын бири- бул партияны негизинен адигенелер түптөштү. Албетте, жаӊы ачылган партиянын алдыда шайлоого жалгыз бараганга чамасы чарк, кадры аз. Демек, бул да кайсы бир чоӊ партиялардын бирине кошулуп, соодалашуу саясатын жүргүзөрү турган иш.

Булак: Чагылган.kg

Последние новости