www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликте турган кезинде Алмазбек Атамбаев башкаларды ар кайсыл өлкөлөрдүн тыңчысы атаганды өтө жакшы көрөт эле. Эми өзү ошол жолойго түшүп жаткан сыяктуу.  Мисалы, азыркы тапта аны мурда өзү «грант жегичтер» деп атап жүргөн бейөкмөт уюмдары колдоого алып жатышканы белгилүү. Болбосо, ал бейөкмөтчүлөр убагында Атамбаевди жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жүрүшкөн. Алар менен кошо эле АШАны батышчыл саясатчы Равшан Жээнбеков да колдоп жүрөт. Болбосо, Равшан мырза А. Атамбаев үчүн «ууру жана коррупционер» эле. Эми болсо санаалаш, тарапташ болуп калды.  Жакында эле Р. Жээнбеков Америкадан келди. Ал океандын ары жагына барып, ал жакта АКШнын Мамдепинде үч күн болуп келгени маалым. Келгенден кийин эле Атамбаев уюштурган митингге барып, жалындуу сүйлөп берди. Мына ушул көрүнүш дагы АКШ мурдагы президент А. Атамбаевди тымызын колдоп, аны күүлөп жатканын түшүндүрүп тургансыйт. Ошондо АША эми АКШнын агенти болуп калган болобу? Путин досунан колдоо таппай калганы үчүн эле Американын колундагы куралга айланып атабы? Ошондо аны кантип эл кызыкчылыгын ойлогон саясатчы деп айта алабыз?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости