www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев Бабановдун митингинде кан төккөнгө даярданып жатат. Бул тууралуу желе.кж жазып чыкты. 

Эки жыл мурун Бабановго кылмыш козгоп, энеси күрт деп асылып жүргөн Атамбаев азыр башка сүйлөп калды. Форумдан жем жеген жугундукорлор интернеттеги социалдык байланыш тармактарынын бетин бербей, "Бабанов келсин, тосуп алууга көбүрөк баралы" дешүүдө. Муну көрүп Атамбаев менен Бабанов ынак болуп кеткенби дешиңер мүмкүн. Жок, Атамбаевдин максаты такыр башкача. Бабанов келсе тосуп алуучулар митинг кылат. Мэрия өткөрүүчү орунга уруксат берген жок. Ошентип митингчилер менен күч органдарынын ортосунда чырдашуу чыгат. Атамбаевдин көздөгөн жери дал ушул. Элдер менен күч органдары түртүшүп жатканда провокация кылып жаңжал чыгаруу. Ал тургай элди таратуу үчүн көздөн жаш чыгарчу курал колдонушу мүмкүн. Тарсылдап ок атылып эле калса, күн мурунтан даярдалган көзгө атарлар элди артынан атып баштайт. Анан, "мына бийлик элди ата баштады" деп кан төгүү менен бийликти басып алуу. Бабанов эл чыгарат, Атамбаев колдонот, жоопкерчилик Бабановдун мойнунда калат. Ошондуктан Бабанов шоу кылып, келем-келбейм, "любить, не любить" деп ромашка гүлүн жулгансыбай, тынч эле келсе болмок. Улам актанып ак элем, периште болчумун дейт. Арты таза болсо коркпой эле келбейби? Элди козутуп, жаңжалга даярданбай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости