www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы кездерде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мурунку тил менен айтканда губернатору Марат Мураталиевдин дарегине ММКлардан бир топ сын-пикирлер айтылып калчу болду. «Иштей албай жатат, көзгө көрүнөөрлүк иши жок» деген мааниде. Бирок, биз Марат мырза татыктуу иш алып барууда деп айтат элек. Калыстык үчүн. Качан көрсөң эл аралап, эл менен бирге иш алып барып жатканын көрөсүң. Биз билгенден Мураталиев губернатор болгонго чейин эле он жыл аралыгындаТаластын баш аягына ар кандай иш-чараларга өз чөнтөгүнөн 15 миллион сомдой каражатты бергенин угуп кубандык эле. Азыр да ал аракеттерин улантып жатканын жакындан билгендер баса белгилешүүдө. Мураталиев губернатор катары, ал эми Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков шаар жетекчиси катары Талас шаарын күн санап көрктөндүрүп жатканы жашыруун эмес. Ал эми жалпы облустук алкакта караганда деле губернатордун аракеттери жаман эмсс. Башкасын айтпаган күндө да «Чоң-Капка» чек ара постундагы коррупцияга болушунча бөгөт коюп, Мурагалиевдии чечкиндүү күрөш жургүзгөнүнүн натыйжасында мурдагы жылдарга салыштырмалуу 30 миллион сомго чукул каражаттын көп чогулушу жетишкендик эмей эмне? Чарбалык жумушта да Марат мырза «ээр үстүндө уктаган» мээнеткеч адам экенин көргөзө алды. Былтыркы жылы эле онго жакын суу топтоочу жайларды облустагы тийиштүү мекеме, уюмдардын жардамы менен тазалатып натыйжада сууну кенен пайдаланган дыйкандар губернаторго алкыштарын аябай айтып келишет. Айтор, губернатордун алгылыктуу иштерин айта берсек узун тизме. Кези келгенде кененирээк токтолоорбуз... Нургазы Айтмырзаев, Де-Факто
Булак: NazarNews.kg