www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тарттырабыз деген топтун аракетинен майнап чыгабы? Же Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун макулдугусуз камоо мүмкүн эмеспи?, деген “Майдан.кж” гезитинин суроосуна саясатчы Азимбек Бекназаровдун жообу:
-Атамбаевди жоопко тартса, алда качан тартыш керек болчу. Анда кол тийбестик деле жок болчу. Парламент менен Башкы прокуратура калп эле ойноп, “жоопко тартыш керек, кол тийбестигин алыш керек” деп отурат. Кылмышы болсо жоопко тартыш керек. Кылмышы жок болсо, саясат кылып сүйлөй бербеш керек. Бабанов боюнча да саясат кыла бербей кылмыш иши болсо розск жарыялап, допрос жөнөтүп, камаш керек. Кылмыш иши болбосо аны козголгон кылмыш иши менен коркутам деп убараланбай ишти жабыш керек. Кылмыш ишти саясат кылып, ачуума тийсең камап коём деп илмекке илип, коркутуп кармабаш керек. Ошондой эле кылмыш ишин саясат кылып соодалашпаш керек. Кылмышы барбы кама, жокпу ишти жап. Анткени, кылмыш иштин да мөөнөтү бар. Мөөнөтү бүткөндө кыскарат же бүтөт. Азыркы бийлик кылмыш ишти оюн кылып саясат кылып жатат. Атамбаевди да илмекке илиш үчүн аракет кылып жатышат.
Булак: NazarNews.kg