www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-марттагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Атаандаштык жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору төмөнкүдөй максаттарда иштелип чыкты: атаандаштык чөйрөсүн өнүктүрүү, «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана бузуу тобокелдигинин алдын алуу; монополияга каршы мыйзамдарды ыктыярдуу сактоону монополияга каршы комплаенсти жана өз ишин мыйзамдаштыруу үчүн аныкталган бузуулар жөнүндө арыз менен кайрылган чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн жеңилдетүүчү жагдайларды киргизүү жолу менен дем берүү керектөөчүлөрдү жана ишкерлерди монополиялык аракеттерден, атаандаштыкка каршы макулдашуулардан (картелдерден), атаандаштыкты чектөөгө багытталган макулдашулган аракеттерден коргоо.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев «Яндекс такси» компаниясынын монополиялык абалы тууралуу сөз кылып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган такси айдоочуларынан «Яндекс» тарабынан алынуучу комиссиялардын өлчөмүн жөнгө сала алабы деген суроону узатты. Буга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Айбек Мамыралиев мыйзам долбоорунда «санариптик платформа» түшүнүгү киргизилип, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуунун жаңы механизмдери каралганын билдирди.
Ал эми депутат Исманали Жороев мыйзам долбоору эл аралык нормаларга шайкеш келер-келбесин тактаса, депутат Айсаракан Абдибаева адилетсиз атаандаштыкка каршы күрөшүүнүн конкреттүү механизмдерине кызыкты. Депутат Камила Талиева социалдык маанидеги товарлардын бааларын жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин караштырууну сунуштады.
Өз кезегинде депутат Жумабек Салымбеков мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп, аны экинчи окууда кароого чейин бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек столдорду өткөрүүнү табыштады. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда ишкерлердин сунуш-пикирлери эске алынышы керек.
Депутат Айгүл Карабекова товар өндүргөн компаниялар же жеткирүүчүлөр менен коомдук тамактануу жайларынын ортосунда белгилүү бир продукцияны гана сатуу боюнча түзүлгөн эксклюзивдүү келишимдер маселесине токтолду. Эл өкүлү мындай келишимдерге толугу менен тыюу салбастан, мыйзам аркылуу акылга сыярлык чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштады. Депутаттын айтымында, мындай чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатын көздөйт.