www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамптын администрациясы Ирандын Харк аралын көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул тууралуу АКШ администрациясынын расмий өкүлдөрүнө таянып Axios порталы кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, АКШ жана Израиль Ирандагы 60% деңгээлде байытылган 450 килограмм уранды олуттуу коркунуч катары баалашууда. Анткени аны курал деңгээлине жеткирүү үчүн болгону бир нече жума жетиштүү. Эгер бул урандын баары 90% деңгээлге чейин байытылса, анда 11 ядролук бомба жасоого жетет.

Ал эми Харк аралы жөнүндө айтсак, бул Ирандын чийки мунай экспортунун болжол менен 90% өтүүчү стратегиялык терминал болуп саналат.

Израил оппозициясынын лидери Яир Лапид да Харк аралындагы мунай объектилерине сокку урууга чакырган.

Харк аралы абдан стратегиялык аймак болуп эсептелет. Аймак Ирандын чийки мунай экспортунда маанилүү ролду ойнойт. Иран мунайынын 90% дал ушул Харк аралы аркылуу экспорттолот.

Последние новости