www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы Оксфорд университети менен Covid-19га каршы чогуу даярдап жаткан вакцинасынын натыйжалуулугу 90% чейин жетиши ыктымал экенин билдирди. Сыноонун соңку баскычында эки вариантта эмдөө болгон. Биринчисинде, ыктыярчыларга алгач жарым доза, бир айга жакын убакыттан кийин толук доза вакцина берилген. Бул убакта вакцинанын натыйжалуулугу 90% деп көрсөтүлгөн. Британия менен Бразилиядагы сыноо учурунда кандайдыр бир олуттуу учурлар болгон эмес.

Вакцина сыноонун экинчи вариантында толук доза бир айдын ичинде тогуз миңдей ыктыярчыга сайылган жана анда натыйжалуулугу 62% жеткен.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон муну «фантастикалуу жаңылык» деп атады, бирок коопсуздук үчүн текшерүү иштери зарыл экенин белгиледи.

Буга чейин америкалык «Pfizer» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноолор препарат 95% натыйжалуу экенин, ал аялуу топко кирген улгайган адамдарды да коргой аларын көрсөткөнүн билдирген.

«Pfizer» «BioNTech» компаниясы менен чогуу иштеп чыккан бул вакцинасын жакынкы күндөрдө АКШда чукул каттоодон өткөргөнү жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости