www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканага которулган. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Аспеков учурда "дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасында дарылоодон өтүп жатат". Анын качан ооруканага которулганы айтылган жок.

Мунун алдында Аспековдун жүрөк оорусу күчөп кеткенине байланыштуу ооруканага жатканын, анын кан басымы көтөрүлүп жатканын уулу Фейсбук баракчасына жазган. Ал атасы эки жыл мурда оор операция болгонун белгилеп, аны үй камагына бошотууну суранган.
ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан Аспеков сентябрдын аягында кармалган.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдө Аспековго байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган.Бишкектеги Биринчи май райондук сотту аны эки айга камоо чечимин чыгарып, кийин бул мөөнөт 27-январга чейин узартылган.

ИИМ буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости