www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пхеньяндын так ортосунда 330 метр бийиктикке жеткен Рюгён отели дүйнөдөгү эң белгилүү имараттардын бири катары таанымал. Бирок 105 кабаттуу бул гигант ондогон жылдардан бери асманды тиреп турса да, бир да мейманды кабыл алган эмес. Ошондон улам, Түндүк Кореянын бул эң бийик имараты «архитектуралык призрак» деген атка ээ болгон.

Имараттын тарыхына токтоло турган болсок, КНДРдин күч-кубатын дүйнөгө далилдөө максатын көздөгөн бул долбоор, 1987-жылы башталып, миңдеген номерлер, ресторандар жана айланма зал пландалган. Бирок 1990-жылдардагы СССРдин ыдырашынан улам каптаган экономикалык кризистин кесепетинен курулуш иштери токтоп, имарат бош бетон “скелетке” айланган.

Дээрлик, 10 жылдан соң 2000-жылдары сырткы фасадын жасоо иштери колго алынып, 2011-жылдары заманбап айнек менен капталып, LED-жарыктар орнотулган, бирок азыркы кезге чейин бүтө элек. Бүгүн Рюгён түнкүсүн гигант экрандай жаркырайт, бирок анын ичи дагы эле курулбай бош турат.
Адистер мунун негизги себептери катары каржы тартыштыгын, туристтердин аздыгын жана долбоордун көбүнчө имидждик мүнөздө экенин белгилешет. 

Бүгүн бул имарат Түндүк Кореянын ишке ашпай калган амбицияларынын эстелигине айланды. Ал сырты кооз, ичи бош доордун белгиси. Балким, дал ушунусу менен Рюгён дүйнөлүк легенда болуп калды.

Последние новости