www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илгертен айтылат ко, душмандын аргасы кеткенде тилине күчүн чыгарып, ушак-айың менен алек болуп кала турганы. Дал ошол нерсе АШАнын артында калган ашкебилеринин мисалында даана көрүндү окшойт. Бардык жагынан, мыйзам жагынан да, адеп жагынан да, идея жагынан да толугу менен кыйроого учурагандар эми эл алдында абийири кетип, ким экени калайык журтка толугу менен ачылган АШАны дале болсо актап калуу, коррупцияга каршы күрөш баштап, коррупционерлердин ана башы болгон АШАны абакка алган азыркы бийликти каралоо аракетин жасашууда. Бул эми жеңилгендердин иши да. Бул тууралуу Кыргыз аргумент жазып чыкты.

Кечээ эле АШАнын уулу Сейтек атасын актап, бийликтерди жамандаганга шашкан. Эми өзүнүн чалагайым акыл-эси, элди үркүткөн кылык-жоругу менен таанылган, ыйлаак Темирлан Султанбеков деген неме чыга калды.

Булардын максаты АШАны колдоого алуу экен. Макул, колдоого алышсын дейли, эмне деп колдоого алышат. Бийликтен кеткен соң кайра эле эки тизгинди колго аламын деп тымызын саясий чайкоочулук, террор жүргүзгөн, былык иштерди жасаган, интрига баштаган, андан кийин Кой-Таштагы хансарайында элди топтоп, коомчулукка бөлүп-жаруу ишин жүргүзгөн, бийликке куралдуу каршылык көрсөтүп, мыйзамга баш ийбеген, киши өлүмүнө, көптөгөн зыяндуу иштерге, кырдаалга себеп болгон АШАны колдошобу?

АШАдан жабыр тарткандарды, алданган кыргыз элин качан колдошот? АШАнын огунан курман болгон, жаракат алып, ден соолугунан ажырагандарды качан колдошот? Маркум, Атамбаевдин огунан каза тапкан Үсөн Ниязбеков унутта калдыбы? Качан коомчулуктун тынчтыгын, элдин бөлүнбөстүгун, ынтымагын ойлошот? Качан мыйзамга баш ийип, мыйзам алкагында иш тутушат?

 АША абакта жатып алып да мыйзамга баш ийбей, суракка келбей, сотко катышпай, терс жактарын көрсөтүп, качан эле аягына чыга турган иштерди создуктуруп, анан ооруган, кыйналган, кор болгон кишинин кейпин кийимиш болуп, дагы эле элди алдагысы, бөлүп жаргысы, тынч элди бири-бирине кайраштыргысы, бүлүк салгысы келип жатабы? Дагы эле мындай арам иштерден чарчабадыбы?

АШАнын эркиндикте жүргөн көлөкөлөрү Ирина Карамшукина менен Карамат Орозова азыркы карантин убагында, бүт бийликтер жана коомчулук коркунучтүү ылаң менен күрөшүп жаткан кезде да тынч отурушпады. Баякы эле кутум, баякы эле интрига, баякы эле терсаяктык. Эми болгон аракетти киши өлтүргүч, ууру АШАны саясий туткун катары көрсөтүүгө жумшашмакчы. Качан ала карга булбул болду эле...

Азыр Кыргызстан таажылуу вирустун жайылышынын алдын алуу, элдин жай турмушун калыбына салуу, жабыр тарткан экономиканы акырындап аракетке келтирүү, калктын социалдык маанилүү маслелерин чечүү менен алек. Көп кыйынчылыктар бар, көп түшүнбөстүктөр бар, көп жетишпестиктер бар. Эми ошолордон ынтымак, сабыр, өз ара түшүнүү, колдоо жана аракет менен чыгып кетүү керек. Бир гана максат ошол. Ал эми АШАнын элди бузган куйруктарына жол берилбейт, алардын арам ойлору ишке ашпайт. Эл баарын түшүнгөн, артка кайтпайт. Эми бөйрөктөн шыйрак чыкпайт.

Булак: NazarNews.org

 

Последние новости