www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын куралдануусу талкуу жаратты

Акыркы жылдары Армения армиясын жаңылоону күчөтүп, Индия жана Франциядан бир катар аскердик техникаларды, анын ичинде реактивдүү залптык ок атуу системаларын, абадан коргонуу комплекстерин, өзү жүрүүчү гаубицаларды жана радарларды сатып алууда.

Азербайжандын Милли Межлисинин Коргонуу, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрагасы Арзу Нагиевдин айтымында, мамлекеттин коргонуу жөндөмүн чыңдоосу өзүнчө эле жаңжалга алып келбейт. Бирок тараптардын ортосунда ишеним төмөн болгон шартта куралдануунун күчөшү аймактагы коопсуздук коркунучтарын көбөйтүшү мүмкүн.

Ал Армения 2020-жылдагы согуштан кийин армиясын калыбына келтирүүнү жана Орусияга болгон аскердик көз карандылыгын азайтууну көздөп жатканын белгиледи. Ошондой эле Азербайжан бул процесстерди тыкыр көзөмөлдөп жатканын айтты.

Ал эми аскерий эксперт Адалят Вердиев акыркы кезде Армения сатып алып жаткан куралдардын көбү чабуул коюуга ылайыктуу экенин айтып, бул аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн деген пикирин билдирди. Анын айтымында, жаңы курал-жарактар негизинен 2020-жылдагы согуштан кийинки жоготууларды толуктоого жана өлкөнүн аскердик мүмкүнчүлүгүн кайра калыбына келтирүүгө багытталган.

Последние новости