www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда жаранга кол салуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, үч шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9-август күнү Араван РИИБге 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаранды белгисиз үч адам сабап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, окуянын жагдайларын тактоо жана шектүүлөрдү аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле көчөлөргө орнотулган видеокөзөмөл камераларынын жазуулары алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуяга тиешеси бар деп шектелген 2002-жылы туулган М.Х., 2006-жылы туулган М.М. жана 1998-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

2026-жылдын 13-августунда Араван райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылып жатат.

Последние новости