www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө аба ырайынын кескин ысышынан улам электр энергиясын керектөө олуттуу көбөйдү. «Улуттук электр тармагы» ишканасынын маалыматына ылайык, кечээ республика боюнча жалпы 50 млн 122 миң кВт/саат электр энергиясы пайдаланылган.

Салыштыруу үчүн, өткөн жылдын ушул эле күнүндө керектөө көлөмү 42 млн 514 миң кВт/саатты түзгөн. Натыйжада бир жыл ичинде электр энергиясын пайдалануу 7 млн 608 миң кВт/саатка, же 18 пайызга көбөйгөн.

Ишкананын маалыматына караганда, керектөөнүн өсүшүнө кондиционерлердин жана башка климаттык жабдуулардын массалык түрдө колдонулушу негизги себеп болууда.

Ошондой эле абанын температурасы 45 градуска чейин жеткенде электр өткөргүчтөрдүн өткөрүмдүүлүгү 25 пайызга чейин төмөндөп, энергетикалык жабдууларга кошумча күч келет. Ушуга байланыштуу авариялык кырдаалдардын жана жабдуулардын иштен чыгышынын алдын алуу максатында Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу, болжол менен эки саатка чейин өчүрүлүшү мүмкүн.

Энергетиктер жарандарды электр энергиясына суроо-талап эң жогору болгон күндүзгү сааттарда аны мүмкүн болушунча үнөмдүү пайдаланууга чакырышты.

Последние новости