www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ өкмөтүнүн каржылоосу жарым-жартылай токтоп калганынын айынан Европадагы америкалык аскер базаларында иштеген жергиликтүү жумушчуларга маяна төлөнбөй калды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, бул абал миңдеген европалык кызматкерлерди камтыды. Алар АКШнын аскер базаларында тейлөө иштерин жүргүзүшчү. Айрым өлкөлөр — мисалы, Германия — бул кызматкерлерге убактылуу өз эсебинен айлык төлөп берүүнү чечти. Алар Вашингтон өкмөтү ишин кайра баштаганда чыгымдарын кайтарып берет деген үмүттө. Ал эми Италия жана Португалия сыяктуу башка өлкөлөр жумушчуларды айлыксыз калтырышкан.
АКШ өкмөтүнүн жарым-жартылай иштебей калышы (шатдаун) 1-октябрда түн ортосунда башталган. Себеби Конгресстеги Республикалык жана Демократиялык партиялар саламаттык сактоо сыяктуу бир катар чыгашалар боюнча макулдашууга келе алышкан эмес.