www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын Лорддор палатасы Кыргызстандын үч мурдагы жана учурдагы жогорку кызмат адамына санкция киргизүүнү сунуштады. Сөз Максат Асаналиев, Мелис Тургунбаев жана Марат Пирназаров тууралуу болууда. Алар Орусияга каршы санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда.

Бул сунуш 20дан ашык британ депутаты тарабынан Лорддор палатасы аркылуу Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Азырынча расмий Бишкек бул демилгеге жооп бере элек.

Ошол эле учурда Европа Биримдиги да Орусияга каршы жаңы санкциялар пакетинин алкагында Кыргызстанга айрым чектөөлөрдү киргизген. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мындай чечимдерге нааразы болуп, диалогго чакырды.

Учурда 28 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн “кара тизмесине” кирген. Эксперттер бул жагдай өлкөнүн экономикасына жана эл аралык мамилелерине терс таасир этиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Последние новости