www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка-Израиль коалициясы Иранга согуш ачкандан бери дүйнөдөгү ядролук бомба колдонуу кооптуулугу артты. Азыркы геосаясий кризистин шартында айрым өлкөлөр да ядролук курал маселесин кайра карап чыгууда. Мисалы, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан эгерде аймактагы кайсы бир мамлекет ядролук куралга ээ болуп калса, анда Анкара да ядролук курал жарышына кошулушу мүмкүн экенин билдирген.
Ошол эле учурда Польшанын президенти Кароль Навроцкий да өлкөнүн аскердик потенциалын, анын ичинде ядролук мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү тууралуу айткан. Ал эми Россия Украинага кол салгандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский да бир нече жолу өлкөнүн мурдагы ядролук потенциалын кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз кылган.
Мындай шартта мурда ядролук куралга ээ болууну карабаган айрым мамлекеттер азыр өзгөрүп жаткан жана туруксуз дүйнөлүк кырдаалга ылайыкташуу үчүн бул мүмкүнчүлүктү карай башташты.
Азыркы учурда айрым мамлекеттер ядролук держава болбосо да, өз аймагында башка өлкөлөрдүн ядролук куралдарын жайгаштырып келет.
Мисалы, жакында эле Беларус аймагына Россия өзүнүн ядролук боеголовкаларын жайгаштырган. АКШнын ядролук куралдары болсо НАТОго мүчө бир катар өлкөлөрдө сакталууда. Алардын ичинде:
• Түркия (Инджирлик авиабазасы)
• Улуу Британия
• Италия
• Германия
• Нидерланд
• Бельгия
Жалпысынан бул алты өлкөдө болжол менен 150гө жакын ядролук бомба бар деп эсептелет.
Бул мамлекеттер менен АКШ ортосунда “ядролук бөлүшүү” тууралуу келишим бар. Башкача айтканда, курал алардын аймагында сакталат, бирок аны колдонуу укугу Вашингтондун уруксаты менен гана мүмкүн.
Ал эми азыркы учурда дүйнөдө төмөнкү мамлекеттер ядролук куралга ээ деп эсептелет:
• Россия
• АКШ
• Кытай
• Франция
• Улуу Британия
• Индия
• Пакистан
• Түндүк Корея
• Израиль
Булардын ичинен Израиль жана Түндүк Корея эл аралык келишимдерден четтеп, өз алдынча ядролук держава болуп калышкан.
Ядролук клубдун кеңейишин азырынча чоң державалардын басымы жана Ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишим (NPT) чектеп турат.
Ошого карабастан айрым мамлекеттердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болгондуктан, кыска убакытта эле ядролук курал жасай алат деп эсептелет. Мындай өлкөлөргө адатта:
• өнүккөн атомдук энергетикасы бар
• ядролук илимий изилдөөлөрү бар
• өнүккөн өнөр жайы жана ракеталык технологиялары бар мамлекеттер кирет.
Мисалы, эксперттердин баамында Япония менен Түштүк Корея бир нече жылдын ичинде ядролук курал иштеп чыга алат.
2025-жылдын күзүндө Бразилия да ядролук технологияларды, анын ичинде коргонуу максатында колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө кызыкдар экенин билдирген.
Иран да бул тизмеге кирет. Ал буга чейин эле өнүккөн ракеталык жана ядролук технологияларга ээ болуп, байытылган урандын олуттуу запасына ээ.
Булардан сырткары, Сауд Арабиясында азырынча атомдук электр станциялары жана күчтүү ракеталык программа жок. Ошондуктан Түркия менен Сауд Арабиясы ядролук курал жасоодо салыштырмалуу татаалыраак жолдон өтүшү мүмкүн.
Бирок Түркиянын аскердик өнөр жайы акыркы жылдары абдан тез өнүгүп жатат. Мындан тышкары, ядролук куралга ээ Пакистан Түркия жана Сауд Арабиясы менен аскерий союздаш болгондуктан, технологиялык жардам берүү мүмкүнчүлүгү да бар деп айтылат.
Ошондой эле Германия да кааласа салыштырмалуу тез убакытта ядролук курал жасай ала турган потенциалга ээ.
Учурда азыркы баалоолор боюнча дүйнөдөгү ядролук куралдардын саны төмөнкүчө:
• Россия – 6200–6300 боеголовка
• АКШ – болжол менен 5500
• Кытай – 600гө жакын
Кытай акыркы он жыл ичинде өзүнүн ядролук арсеналын эң ылдам көбөйтүп жаткан мамлекеттердин бири.
Башка өлкөлөрдүн арсеналдары да салыштырмалуу аз болсо да, стратегиялык мааниге ээ:
• Франция – 290
• Улуу Британия – 225
• Пакистан – 180
• Индия – 170
• Израиль – 90 (расмий тастыкталган эмес)
• Түндүк Корея – 50
Кыскасы, дүйнөдө күчөп жаткан туруксуздук, эл аралык укуктун алсыздануусу жана аймактык конфликттердин көбөйүшү ядролук согуш коркунучун жогорулатууда.
Эгерде мындай согуш болуп кетсе, анын масштабы 1945-жылы Хиросима менен Нагасакиге ташталган бомбаларга же 1962-жылдагы Кариб кризисине салыштырмалуу алда канча кыйратуучу болушу мүмкүн. Азыркы шартта дүйнө кооптуу бурулуш чекитине жакындап бара жатканын эл аралык аналитиктер, эксперттер коңгуроо кылып кагышууда.