www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Венесуэла мунайын 500 миллион долларга сатканын CNN Ак үйдүн өкүлүнө таянып билдирди. Бул Николас Мадура камалгандан кийинки алгачкы соода. 

Маалыматка караганда, бул чечим АКШ президенти Дональд Трамптын Венесуэланын мунай запастарына жетүүнү көздөгөн планынын бир бөлүгү болуп саналат. Январдын башында АКШнын аскердик операциясынын жүрүшүндө Венесуэланын президенти Николас Мадуро кармалып, өлкөдөн чыгарылган.

Өткөн жумада Трамп Венесуэланын кыйраган энергетикалык тармагын калыбына келтирүү үчүн мунай тармагындагы компаниялар жок дегенде 100 миллиард доллар инвестиция салууга даяр экенин айткан. Бирок АКШнын энергетикалык компаниялары бул пландарга ишенбөөчүлүк менен карап жатышат. 9-январда Ак үйдө өткөн жолугушууда ExxonMobil компаниясынын башкы директору Даррен Вудс Венесуэла укуктук жана коммерциялык инфраструктурасы жок болгондуктан, инвестиция үчүн жагымдуу эмес экенин белгилеген. Башка жетекчилер да кризиске кабылган өлкөгө дароо ири көлөмдө акча салууга даяр эместигин билдиришкен.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Тейлор Роджерс администрация мунай компаниялары менен туруктуу, оң сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана алар ири көлөмдөгү инвестиция салууга даяр экенин айткан.
Эске салсак, быйыл 3-январда АКШнын күчтөрү Венесуэлага чабуул жасап, Мадуро жана анын жубайын кармап өлкөдөн чыгарып кеткен. АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди Мадуро жана анын жубайы АКШда жоопко тартыларын, анын ичинде баңгизат соодасы аркылуу терроризмди каржылоо схемасына катышкан деген айыптар бар экенин билдирген.

Последние новости