www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-апрелде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, алардын көйгөйлөрүн укту.
Кабыл алууга жалпысынан 50гө жакын жаран катышып, жолугушуу 3 саатка созулду. Анда тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, жер талаш маселелерин мыйзам чегинде чечүүгө көмөк көрсөтүү, мектеп жана бала бакча куруу, жол оңдоо, турак үй салууга жардам берүү, ар кандай талаш маселелерди жөнгө салуу, ошондой эле материалдык жардам алуу сыяктуу социалдык маанидеги маселелерди көтөрүштү.
Аманкан Кенжебаев ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, айрым маселелерди жеринде ыкчам чечти. Мындан тышкары, тиешелүү жетекчилерге жарандардын кайрылууларын тез жана натыйжалуу чечүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын өзү көзөмөлгө алаарын баса белгиледи.
Маалымат үчүн: жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар жуманын шейшемби күнү саат 14:00дө өткөрүлөт.