www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

...Алман көпкө чейин башын сууга салып, тумчугуп кеткендей аптыгып алды. Көкүрөгүн кере дем ала, карагайдын бутагын кармай токтоп, артын карады. Аспек ылдый жакта ар кайсы бутак, тамырларды кармап тартынып, күч менен келе жатыптыр. Бийик беттен өйдөлөп, жыш өскөн карагайды аралап басуу абдан кыйын эле. Айрым жерде чатышкан бутактардан өтө албай, тигиндей айланышат. Кээде карагай түбүнөн боортоктоп сойлоп өтүшөт. Белден бурала өскөн тулаң чөп бутка оролот. Карагайдын, караган-бутанын бутактары бети-башты  чиймелеп, тыз-тыз эттире өтөт. Кийим-кечени тытмалап, алба-далба кылат. Антсе да ушунчалык бир өжөрлүк менен алга умтулушат. Белгисиз зоокада буларды дүйнөдө жок бир кымбат нерсе күтүп турган сымал демигишет. Кандайдыр бир күч алга сүйрөп, демине дем бергендей дугдуңдаган Алман кандай кыйынчылык болсо да, кандай тоскоолдук болсо да жарып өтүп, көздөгөн жерге эми эле жетип баргысы келет. Жанагы жыланды дагы бир көргүсү, дагы бир жолу өлтүргүсү келет. Ал эми колго тие турган болсо соо калтырбайт эле. Майдалап салмак. Эмне үчүн ага мынчалык өчүктү, ал буга эч нерсе кылган жок го? Ал деле жараткандын бир макулугу, ушул тоонун бир жашоочусу эмеспи. Демек, анын да жашоого, өз күнүн өзү кечирүүгө акысы бар эмеспи. Жылан болгону үчүн эле өлтүрүш керекпи? Анын тагдырына кийлигишип, өмүрүн кыркууга кандай акың бар? Андай укукту сага ким, кайдан берди? Бул учурда мындай суроолордон ат чабым алыс эле. Эмнеси болсо да көздөн учкан чокуга жетиши керек. Жыландын тирүүсүн, же өлүүсүн көрүүсү керек. Башка эч нерсенин кереги жок. Балким, бул турмушундагы эң кымбат, эң маанилүү мүдөөсүдүр. Жашоодо мындан башка максаты жоктур...

Ал эми Аспектин жайы башка эле. Анын жылан-мыланы менен иши жок болучу жана аны өлтүргүсү деле келген эмес. Жөн гана балдардын шары менен кетип, колуна таш албадыбы. Ошондо балдарды токтотуп: «Койгула балдар, зыяны жок макулукту өлтүрүүнүн кандай зарылдыгы бар. Жылан деле тирүү жан эмеспи» десе болмок. Балким, балдар аны угуп, тилин алып калат беле. Ошентсе болмок, анда жылан тирүү калып, мындай кыйноого кабылып, азап тартпайт эле. Баса, жанчылып өлтүрүлгөн жылан кантип жок болуп кетти экен? Ал эми Алман айткандай, өлгөн жылан зоонун башына чыгып кетиши акылга сыйбаган иш. Буга бөркүндөй ишенет. Ошентсе да жок нерсе үчүн бара жатканы - эркектик, жигиттик намысы. Тиги эсирген немени  ээрчибей койгондо балдар, айрыкча кыздар ал жөнүндө эмне деп ойлоп калышат эле. Чындан эле суу жүрөк, коркок экен дешпейби. Кыздын трусийин башка кийгенче өлүп бергени жакшы эмеспи. Турмушта бир жаман атты илештирип алсаң, андан тазаланып, кутулуп чыгыш оңой эмес. Өмүр бою такымдап, багалегиңе чырмалган жип сыяктанып сүйрөлүп алышы да мүмкүн. Андан көрө эптеп, өлүп-талып болсо да тигинин көздөгөн жерине барып, жыландын анда жок экенин көрсөтүп, классташынын туура эмес кадам таштаганын, эссиздик кылганын далилдеп бергени ийги эмеспи. Ошондо өзү шым болот. Балдардын, анын алдында баш көтөрө албай калат. Бул боло турган иш. Мына ушундай ойлорго чарпылып, ошондон дем алган Аспек эрдин тиштене, алдыга умтулат. Тигинден калышпоого жан үрөйт.

Демиккен балдар бир азга тыным алып олтурушту. Кыйла бийиктеп кетишиптир. Келе жаткандарына эки сааттан өтүп калды окшойт. Төмөн жактагы түзөңчө, балдар карагайлардын далдоосунан көрүнбөйт. Алдыда дагы канча жол жатканы белгисиз. Шам-шум эткенге бир нерсе алып алышпаганын эми эстешти. Кайдандыр суунун шаркыраган күңүрт доошу угулат. Балким бул «Таш-Булактын» доошудур. Кайра туруп жөнөштү. Кийим-кечеден тамтык калбады. Бутак, чырпык чийип кеткен чекелеринен, беттеринен кан сызылат. Чыпылдаган терге аралашып, бети-башты ачыштырат. Буга карашпай, алдыга тырмышышат. Барган сайын бул бет тигирээк тартып, басыш кыйындайт. Буттары тулаңдан арт жакка тайгаланып, жыгылып барып, турушат. Таман алдында кургак бутак тырс эте сынса, элтең эткен коендор, булактаган тыйын чычкандар качып беришет. Түркүн канаттуулардын сайрагандары угулат. Жакын эле жерден тоңкулдак куураган карагайды тоңкулдатып жатат. Чекирткелер тынымсыз чырылдайт. Мына ушулардын бардыгы биригип келип, кандайдыр бир күүлдөгөн күңүрт, сүрдүү үн чыгып турат. Жүрөк опкоолжуй түшөт.

Түш ооп, күн кыңайып калган маалда ырп этерге алдары калбаган экөө карагай арасынан суурула берип, кырга чыгышты. Мындан ары кыйла түзөң жер экен. Белден өтө берген тулаң чөпкө көмкөрөсүнөн кулашты. Жүрөктөрү жарылып кете тургансып дүкүлдөйт. Жер кучактап жаткан балдарга жердин жүрөк кагышы угулгансыйт. Кыйлада барып, орундарынан турушту. Шаркыраган үндү беттеп, «Таш-Булакты» көздөй жөнөштү. Чаалыккандыктан буттары аркы-терки чалыштайт. Тулаңга ороло түшүп, мүдүрүлөт. Анткен менен түз жер эмеспи, эми көп кыйналбай басып калышты. Бул жерди асман мелжиген зоо деп эч ким айтпайт эле. Себеби кадимки эле мал жайыла турган түзөң, жайкалган жайлоо болучу. Бирок, бул жерге келе турган жол жок болгондуктан, жапайы жаныбарлардан башка малдын туягы тийбеген экен. Мүмкүн, бул жерге буга чейин адам буту деле тийбегендир. Ушундай ойго чарпыла калышты балдар. Туш-тарапка көз чаптырышты. Тээ нары жагында кайрадан тоо, тоого уланган тоолор. Алардын кай жерден бүтөрү белгисиз. Бүт дүйнөгө созулуп кете берчүдөй сезилет.

«Таш-Булак» тигил жакта, - деди Алман сол тарапка колун жаңсай. Ошол тарапты көздөй басышты. Барган сайын суунун шары даана угула берди. Акыры кырдын четине келишти. Түз  жер керте чабылган сыяктанып, мындан ары типтик жар болуп кетет экен. Тигине, тээ төмөндө жанагы өздөрү олтурган жер, килейген таштар. Алар азыр чүкөдөй болуп көрүнөт. Балдар али кетишпептир, бул жакты карап атышкан окшойт. Алман кырга жакындап келип, үнүнүн жетишинче кыйкырып калды:

- Бал-да-ар, биз жеттик.

Балдар үндү угуштубу, же аны көрө коюштубу, айтор колдорун булгалап нары-бери чуркап, секирип жатышты. Бир нерсе деп кыйкырышты окшойт, бирок, эч нерсе угулган жок. Эмнеси болсо да алардын көргөндөрү жакшы болду. Санаалары тынып калды.

- Алман, жар кырына өтө жакындаба, кокус жыгылып кетсең - сөөгүң сөпөт болот. - Тигиндей турган Аспек үн катты.

- Бул жерден булактын чыгып атканы көрүнбөйт экен, - деди Алман алдыга эңкейе берип.

- Эй, абайла, башың айланып кулап кетесиң. - Аспек тынчсыздана алга жүткүндү. Аны кармап калууга ниеттенди окшойт. Бирок, ал карматпай эле бери боло берди. Аспек да кырдын четирээк жерине барып, төмөн карады. Балдар аны да көрдү окшойт, кол булгалап жатышты. Үндөрү угулган жок.

- Боортоктоп жатпаса көрүнчүдөй эмес.

- Аны көрүп эмне кыласың. Төмөндөн даана эле көрүнөт го.

- Жип болсо жакшы болмок. - Алман артка жыла берип, өзү менен өзү сүйлөшкөнсүдү.

- Анын эмне кереги бар эле? - Тигил таң кала карады. Дагы эмнесин ойлоп тапканы жатат бу дегендей кооптоно түштү.

- Суу чыгып жаткан үңкүргө кирип көрмөкпүз.

- Ал жерге эмнеңди жоготтуң эле?

Алман жооп бербей, өз ою менен өзү алек болгондой кыйлага тунжурап турду. Анан шарт бурулду да, тигиге карады:

- Жүрү, жыланды издейли.

- Уксаң, Алман, сен чын эле жанагы жыланды ушул жерден издегени келдиңби? Деги, сенин акыл-эсиң ордундабы?

- Жинди киши эч качан мынча жолду басып, зоо башына чыкпайт.

- Макул, аныңа толук макулмун. Бирок, өлгөн жыланды зоонун башынан издөөнүн өзү накта келесоолук эмеспи. Же эмне, мени да өзүңдөй келесоо деп турасыңбы?

- А келесоо болбосоң бул жерге айланганы келдиңби? - Алман ага шылдыңдуу карады.

- Эй, энеңди... - Тигил эмне айтарын билбей туттугуп кетти. Тигини көздөй муштумун кезеп барып токтоду. Анан чыйрала түшүп, токтоо сүйлөдү: - Мен сендей жиндилигимден эмес, сен айткандай суу жүрөк, коркок эместигимди, менде да жигиттик эрк, жигиттик намыс бар экенин сендей акмактардын алдында далилдеп берүү үчүн келдим. Түшүндүңбү?

- Түшүндүм, жүрү, жыланды издейли. - Алман эч нерсе болбогондой нары басты.

- Эй, наадан! Урдум сенин жыланыңды. Сендей акылынан айныган акмак менен бул жерге чыгып келгеним эле жетишет. Эми жылан издейсиңби, башкасын издейсиңби, өзүңдүн ишиң. Мен кеттим. - Аспек шымынын багалегиндеги балбаалаган айрындыларды жулуп-жулуп ыргытты да, келген тарапка басты. Заматта жетип келген Алман анын алдын тороду. Жүзү бир башкача өзгөрүп, көздөрүнөн каардын учкундары чачырап тургансыды.

- Эч жакка кетпейсиң. Бирге келгенбиз, кайра бирге кетебиз.

- Тур мындай!

- Кетем деп ойлобо. - Алман кыжыры менен тигини артка түрттү.

- Эй, сен менин жолумду тороп, түрткүлөгүдөй кимсиң? Тур мындай деп жатам!

- Кетип көр, жыланды тапмайынча кетпейбиз.

Эми чындап кыжыры кайнаган Аспек тигини күчүнүн болушунча түртүп жиберди да, басып кетти. Ордунан шаша турган Алман алыстап калган тигинин артынан жетип барып, башка күч менен муштап, муштап калды. Ал да жөн карап калган жок. Бурула калып маңдай талаштыра уруп калды. Түйүлгөн муштум дал тийди, Алмандын  жыгылып барып оңолду. Ушул учурда Аспек жамбашка тээп калганга үлгүрдү. Нары сүрдүгө түштү. Боюн түзөй калып, дагы качырып сала берген Аспекти ичке тепти. Чалкасынан жыгылган баланы баса жылыгып, башка-көзгө койгулап кирди. Ит жыгылыш болуп, көпкө оонашты. Бирде тигил басып жыгылса, бирде бул басып жыгылат. Аео, боор ооруу деген нерсени таптакыр унутуп калгандай. Эзелки душмандар сыңары өчөгүшүп, согушуп жатышты. Ай дээр ажо, кой дээр кожо жок, ой боорунча болушту. Бир маалда Аспек тигини басып алып, чыканагы менен төмөн басып, бардык күчү менен муунтуп кирди. Алман башын тартып кетүүгө, тигинин колун мойнунан чыгарууга далбастап жатты. Бирок, алы жетпей атты. Барган сайын деми кыстыгып, муунуп барат. Туш-тарабынан чөптөрдү тутамдап тартылат. Алар кайдан күч берсин. Бырт-бырт үзүлөт. Дем жетпей, көздөрү тунара баштаганын сезди. Аспек ого бетер салмагын сала кысат. Эми эле көгөрүп турган ачык асманда күңүрттөнгөн булуттар пайда болгондой, айлананы көлөкө каптагандай болуп баратты. «Эми бардыгы бүттү» деп ойлогонго үлгүрдү. Денеси бошоңдой түшкөнүн сезди. Жер сыйпалап аткан колу бир кезде ташка уруна калды. Аны ыңгайлап кармады да, акыркы күчү менен үстүндөгү баланы башка согуп-согуп калды. Бир бакырып алып, тигинин башы жерге тие үстөмөндөдү. Мойнун баскан чыканагы бошоп кетти. Аны тигиндей оодарып салып, кыймылдай албай жаткан калыбында түнөргөн асманга тигилип, тунжурады. Кулагына кандайдыр үндөр угулуп, чуулдап жатты. Анын эмне экенин түшүнө алган жок. Асман ачылып баратты. Жок, асман эмес, өзүнүн көздөрү тунарып, караңгылашкан экен. Эми эркин дем алган сайын даана көрө баштады. Жанындагы Аспек кыймылсыз жатты. Негедир дем алганы билинбейт. Алман ал тарапка башын кыңайта карады. Оң жак чыкыйынан кочкул кан сызылып, агып жаткан экен. Тура калды. Ийнинен бери тартты.

- Аспек! Аспек! - деди аптыккан үнү менен. Бирок, ал үн чыгарбады. Бери тартканда башы,  колдору шалактап кетти. Оң жаккы чыкыйынан кочкул кан агып, жаткан кыйла жерин кызылга боеп салыптыр. Жумулбаган, жансыз көздөрүн көрдү. Ошондо бүткүл денеси дирт этип, бир бакырып алды. Ачуу чыккан үн ушул түздүккө батпай, тээтиги тоолорго барып бир тийип, жаңыра түшүп, андан наркысына дагы тийип, чаңк-чаңк этип, чабылып барып узап кеткенсиди. Бирок, анын үнү кулагына улам кайталанып, жаңырыктап атты. Ойлобогон, күтпөгөн жерден адам, болгондо да өзүнүн классташын, жакын теңтуштарынын бирин өлтүрүп алганына ишене албай, деси өлүп, өзүнчө нес болду. Ушунчалыкка жетем деген ой үч уктаса түшүнө кирбеген. Ал эмне болсо да киши өлтүргүч, мыкаачы. Эми эмне болот? Бул жүк менен мындан ары кантип жашоого болот? Деги, мындан ары жашоонун кереги барбы?..  

Мезгил өтүп жатты. Алман эмне кыларын билбей, Аспектин денесинен кыйла обочо жерде олтурду. Бардык тарабы туюкталган терең жарга кептелгендей. Эми андан чыга турган кенедей жылчык, шоола жоктой аргасы куруп турду. Кандайдыр бир көрүнбөгөн, билинбеген чектен чыгып кеткенин ички туюму аркылуу сезди. Ошол чекке кайра кирип, мурдагы, кадимки эле Алман боло албасын да түшүндү. Алдында башка, эч нерсеге окшобогон бейтааныш, сырдуу дүйнө ачыла түшкөндөй туюлду. Ошону көздөй кадам таштоодон башка жолу, аргасы жок эле. Көкүрөгүнө ушул ой урунду. Ал жанагы туюк жардын бир капталынан чакан өткөөл пайда кылгансыды. Нары жагында жарык көрүнгөндөй. Ал өзүн күтүп, өзүнө чакыргандай, кубат, болуп көрбөгөндөй күч бергендей, эми эле шалдырап турган денеси чыйрала түштү. Ордунан турду. Эки колун жогору көтөрүп, чоюлуп-чоюлуп алды. Ниетинде Аспектин денесин жонуна салып, төмөн жөнөөгө бел байлады. Аны көздөй бир нече кадам таштап барып токтоду. Арка жагынан кандайдыр үн угулгансыды. Кылчая карап, каккан казыктай туруп калды. Болгону бир нече кадам аралыкта торпоктой болгон карышкыр жайбаракат келе жатыптыр. Ал дагы бир нече кадам жакындап келип, токтоп калды. Өткүр көздөрү учкун чача, анын карегине кадалды. Ошо көзгө арбалгандай, кыймылдоого дарманы жок, былк этпей тура берди. Тигил да катып калгандай, көз ирмебей тунжурайт. Бир оокумда Алман: «Качуу керек» деп ойлоду. Бирок, кай тарапка бет аларын билбей турду. «Болбогон нерсе. Өзүңдөн өзүң кайда качкың келет?» Бул ой тигил карышкырдын тикирейген көзүнөн чыгып, Алмандын мээсине келип бир тийгенсиди. Ал селт этип алды. «Мындай болушу мүмкүн эмес» деп ойлогонго үлгүрдү. «Сен жаңылышасың. Анткени болуп жаткан нерсени танууга болбойт». Ал дагы бир, эки кадам жакындады. Арткы эки бутун бүгө, чочоюп олтуруп калды. Кол салбасына көзү жете түшкөн Алман да акырын ылдый боло, тулаңга чөк түштү. Мындан качып кутулуу деле мүмкүн эмес эле. «Эй, бу сенин качуудан башка кыларың жокпу? Адамдын өзүнөн-өзү качып кутулушу мүмкүн эмес. Ушуну түшүнүп кой». Алман эми карышкырдын көзүнө тике карап, бар кунту менен үңүлдү. Бул карышкырды, анын ушул көздөрүн көргөн. Качандыр бир кезде сөзсүз көргөн. Бирок, азыр кайдан, качан көргөнүн эстей албады. «Туура, көргөнсүң, бирок аны эстөөнүн азыр кажаты жок». Баланын сезимине эми бир нерсе жеткенсиди. «Сен эмне, мени менен сүйлөшүп жатасыңбы?» Муну ал ою менен сурап койду. «Анан баятан бери ким менен сүйлөшүп жатат деп ойлоп атасың». «Мына кызык, сен кимсиң? Ушул тоонун ээсисиңби, же азгырыксыңбы?» Алмандын сезиминдеги чыңалып турган коркунуч алыстап, карышкыр менен ушундай «сүйлөшүү» абдан кызык көрүнүп кетти. «Жок, мен ээ да, азгырык да эмесмин. Болгону - сенмин». «Сенмин дегениң кандай? Мен деген менмин да». «Туура, бирок, мен да сенин ичиңде жашайм. Ошондуктан мен - сенмин». «Эч нерсе түшүнбөдүм, мындай болушу мүмкүн эмес. Кантип эле адамдын ичинде килейген карышкыр жашасын. Аа, балким, бул менин жөн гана түшүмдүр, азыр ойгонуп кетермин. Ошондо бардыгы өз жайында болуп калар. Биздин мында келгенибиз, Аспекти өлтүрүп алганым, анан сага кезигип сүйлөшүп олтурганым заматта жок болуп кетер. Ушул түшүмдү балдарга айтып, бир каткырып күлүп аларбыз». «Жок, бул түш эмес, адам турмушу, адам тагдыры. Сен анын тышкы, өзүңөр айткандай, материалдык жагын гана көрөсүң. А өзүңдүн ички жагыңды көрбөйсүң. Муну көрүү шыбагасы бирин-серин гана адам баласына үлүштөлгөн». Алман дале ишенип-ишенбей атты. «Ооба, сеники да туура. Буга дароо ишениш кыйын. Ишене турган мезгил өзү келет». «Эгерде чын эле ошондой болсо, эмне үчүн буга чейин көрүнгөн жоксуң? Анан да эмне үчүн ошо үлүш дал мага туш келди?» «Мунун себептери, шарттары көп. Башаты ата-бабаларыбыздан башталат. Айтып отуруу кажатсыз. Аны убагы келгенде өзүң түшүнгөнүң дурус». Ал башын көтөрүп, айлана-чөйрөгө көз чаптырды. Көз жеткен жерде кыбыр эткен тирүү жан жок эле. Деги эле дүйнөдө бул экөөнөн башка тирүү жан калбагандай. Алман ордунан турду. «Сен эми дайыма мени менен болосуңбу?» «Албетте, сени менен болуп келгем, мындан ары да бирге болом». «Анда эмне үчүн азыр гана көрүнүп жатасың?» «Көрүнгөм, бирок, мен анда толук ойгоно элек болчумун». «Эми толук ойгондуңбу? Буга эмне себеп болду?» «Ооба, ойгондум. Жана жыланды өлтүргөнүң». «Бул жерге да сен чакырдыңбы?» «Ооба». «Эмне үчүн?» «Сен - менсиң. Мен - сенмин. Бирок, буга карабастан экөөбүздүн ортобузда тынымсыз күрөш жүрүп турат. Табиятыбыз ушундай. Бирде сен үстөмдүк кылсаң, бирде мен үстөмдүк кылам. Мына ошо үстөмдүгүмдү бышыктагым келди». «Аспек да сенин үстөмдүгүңбү?» Алман кыжырдана баштаганын сезди. Карышкыр да туруп, кол салууга даярдана баштагандай түрдөндү. Кылычтай арсайган курч азуулары күн нуруна чагыла түштү. Алман өзүн-өзү кармап, көңүлүн жайгарууга тырышты. Тигил да жайланды. «Мында сенин да күнөөң бар. Жайынча түшүндүрсөң болмок». «Эми эмне кылуу керек?» «Жыланды табышың керек». «Ал чын эле бул жердеби?» «Ооба». «Кайда, көргөзүп берчи». Ал бардыгын заматта унутуп, карышкырды көздөй умтулду. Бирок, ал ордунан көз ирмем аралыкта  жок болду. Туш-тарапты айлана карады. Жымжырт.

- Эй, кайда кеттиң, көрүнчү кайра. - Ал үнүн жетишинче кыйкырып жиберди.

- Эмне кыйкырып жатасың, мен сенин ичиңдемин.

- Сен эмне, үндү да угасыңбы?

- Албетте. Анткени мени - сенден, сени - менден ажыратууга болбойт.

- Болуптур. Жыланды көрсөтүп бересиңби?

- Аны кийин. Азыр тигини төмөн түшүрүшүң керек.          

- Кантип?

- Жонуңа көтөр да, «Таш-Булакты» көздөй бас.   

Алман жерде жанагы калыбында жаткан Аспектин жанына келди. Жүрөгү опкоолжуп, корко түштү. Бирок, заматта чыйралып, зылдай оор денени жонуна ыкшап-ыкшап көтөрүп, дал «Таш-Булак» тушка келди. Төмөн жакты карады. Жүрөк үшүн алып, баш айланткан төмөндүк. Балдар дале кетпей, көлдүн каптал жагында жүрүшкөн экен. Колдорун булгалап, бир нерсе деп кыйкырып жатышты. Бирок, эч нерсе угулбады.

- Секир! - Бул бөрүнүн өкүм буйругу эле.

- Эмне?!

- Секир деп жатам!

Ушул сөзгө удаа, кимдир бирөө арт жагынан катуу түртүп жибергенсиди. Алман боюн токтотуп калууга үлгүрбөй калды. Жонундагы баланын сөөгүн көтөргөн боюнча төмөн кулады. Заматта колдору бошоп, экөө өз-өзүнчө кетти. Зоо жаңырта кыйкырып, кулап келе жаткан эки баланы көрүшкөн жээктеги балдар нес боло, карап туруп калышты. Экөө аска боорунан атырыла чыккан сууга аралаша, ыргыткан таштай көл бетин туш-тушка чачырата түшүп, тереңге сүңгүштү. Балдар жээкке чуркап жетип, кай жерден чыга калар экен деген ниетте дени өлүп, карап турушту. Акмат көйнөгүн чечип ыргытып, көлгө секирип түштү. Аны кармап калышка эч кимиси үлгүрбөй калды. Алман эки колун канат сыяктуу жайган боюнча күү менен келип көлгө буту менен түштү. Кандайдыр бир катуу нерсеге келип тийгендей, заматта өзөөрө түшкөнүн сезди. Деми кыстыгып, тумчугуп кетти. Көңүлү караңгылап барып, кайра оңолду. Суунун муздактыгынан болсо керек. Ыргыткан таштай, төмөн карай кудуп баратканын билди. Көл чынында эле кыйла терең экен. Өзүн токтотуп калууга жан үрөп, буттары, колдору менен суу шилеп жатты. Мунусунан майнап чыкчудай эмес. Барган сайын тереңдеп баратты. «Баары бүттү» деген ой көөдөнүнө тык этти. Денесинен күч чыгып кеткендей шалдырай түштү. «Жок, жаңылып жатасың. Эч нерсе бүткөн жок. Сенин чыгышың керек». Сезимине келип үнсүз  урулган бул «сөздүн» ким тарабынан жиберилгендигин дароо түшүндү. «Сен да бул жердесиңби?» «Экөөбүздүн бир бүтүн жан экенибизди дале түшүнө элексиңби? Кана, жогору кеттик». Эми эле таштап кеткен күч кайра денесине жылып киргендей, өзүнчө демденди. Буту-колу менен сууну катуу-катуу шилеп кирди. Эми жогору көтөрүлө баштады. Көл айнектей туптунук эле. Түбү көгүлтүр болуп даана көрүнбөсө да, наркы жээгиндеги чоң таштар, бул тараптагы асканын түбү Алманга даана көрүндү. Ал мурдатан сууга жакшы сүзө турган. Балдар менен жайкысын көлгө барганда балыктай сүзүп, тээ кыйла жерге чейин кете турган. Анын акыбети эми тийди. Анын үстүнө өзүнүн «жалгыз» эмес экени, жанында «досу» бар экени күч берип, кайраттандырып жиберди. Бул учурда кайрадан секирип түшүүгө да даяр эле. Көтөрүлүп баратып, Аспекти издеди. Жанынан көрүнбөдү. Ал арт жагына кылчайып, төмөн карады. Оң тараптан ылдый түшүп бараткан караан көрүндү. Ооба, бул Аспек эле. Тигиндейрээк, Алмандан  кыйла төмөн жакта калкып барып, чоң түп бадалдын башына боортоктоп жатып калды. Муну көрүп калууга үлгүрдү. Бир оокумда суу үстүнө чыгып, аптыга-аптыга дем алды. Бул кезде Акмат да жетип калган, ал колтуктай кармап жээкти көздөй сүйрөдү. Жээкте жарданып турган балдар Алманды тигиндей алып чыгып жаткырышты.

- Аспек чыкпай калды го. Ага эмне болду?

- Ой, эмнеге секирдиңер?

- Ушунча бийиктен да секирүүгө болобу?

- Эмне, жаныңардан түңүлдүңөрбү?

- Балдар, чурулдабай кое тургулачы. Аспекти карайлы. Ал чыкканда жай түшүндүрүп беришет, - деди Темир көл тарапка басып. Ал Акмат экөө бир топ жерге чейин сүзүп барып, кайра тартышты. Тереңге даап сүңгүй алышкан жок. Анын чыкпай калышына көздөрү жеткен кыздар бир сыйра чурулдап ыйлап алышты. Балдар да көл тараптан көзүн албай, көпкө чейин телмирип карап турушту. Заматта бир жолдошунан ойдо жок жерден ажырап калышканына жандары сыздап жатты. Бирок, колдорунан келер аргалары жок эле.

- Айтчы Алман, аскадан эмне үчүн секирдиңер? - Темир оор үшкүрүп, Алманга тике карады. Анын мунусунан тигил жалтана түштү.

- Силерди секирүүгө эмне мажбур кылды, жыланды көрдүңөрбү? - Темир кайра сурады.

- Карышкыр кубалады. Ал... алар көп экен. - Алман өздөрү секирген асканы ойлуу карап туруп, басыңкы жооп берди. Бул учурда ал эс алып, кадимкидей өзүнө келип калган. Ордунан туруп, балдарга карады:

- Болору болду. Эми Аспекти таап чыгышыбыз керек. Мүмкүн ал сууга башы менен түшүп, ташка тийгендир. Көлдө чоң таштар көп экен.

- Көл терең экен, кантип алып чыгабыз? - Акмат ыргылжың боло, беркилерге карады.

Аны бир карап алган Алман үстүндөгү алба-далба айрылган кийимдерин чечип ыргытты. Эч нерсе дебестен көлгө секирди. Болжол менен Аспектин жаткан жерин билип калган. Ошол тарапты көздөй күчүнүн болушунча тез сүзүп жөнөдү. Төмөн сүзүү кыйла жеңил эмеспи. Тигине, ылдый жактан караан көрүндү. Мурда өлгөн адамды жанынан көрө элек болучу. Буга карабастан кандайдыр бир ички күч дем, кайрат бергендей шыдыр баратты. Аспек жанагы көмкөрөсүнөн жаткан боюнча экен. Чоң түп чатышкан бадал тигирээк келген боорго өсүптүр. Жерге чейин андан ылдый дагы бир топ терең окшойт. Ага илинип калганы ырас болуптур, болбосо мындан ылдый бара албайт эле. Буга дейре эле он, он беш метрден кем эмес экен. Ал Аспектин колун кармай берип, дирт этип кетти. Кол эчак муздап, бир башкача болуп калыптыр. Кайтып кеткиси келди. «Болбойт. Өлгөн адамдан коркуп бекер. Анткени эми алардын зыяны жок. Тирүүлөрдөн коркуу керек». Бул бөрүдөн келген ой экенин дароо түшүндү. Эми ал бир чечимге келе, өлтүрүп алган жолдошуна умтулду. Ушул учурда бадалдын арасы удургуп, бир нерсе булт эте түшкөнсүдү. Эңкейе берип, төмөн карады. Жүрөгү шуу этип алды. Өзү издеп, зоого чыгууга аргасыз кылып, ушундай каргашага тушуктурган жылан көзүнө урунду. Кулачтаган билектей жылан азыр келип, денеме ороло түшөт, болбосо чагып алат деген ой көкүрөгүнө тык эткенде дени өлө түштү. Качканга да шайманы келбеди. Кутула албасын билип турду. Бирок, жылан антпеди, бадалдын нары тарабын көздөй ийрелеңдеп сүзүп жөнөдү. Анын кол салбасына ишенип, кайраттанып кетти. Асканын башынан бекер эле издептир да. Акырын артынан акмалады. Бадалды айлана берип, ошол бадал далдалап турган оюктун оозун көрдү. Бадалды мындай кыла берип, эңкейип карады. Оюк үңкүр оозу сыяктанат. Үңкүр нары, карагайлуу бийик бетти көздөй кетет окшойт. Нары жагы караңгы экен. Жылан ошол үңкүргө кирип кетти. Алман артынан баргысы келди. Канчалык коркунучтуу, кооптуу болсо да, анын ичине киргиси келди. Негедир ушуну каалап турду. Үңкүрдүн ичине кирип, сырдуу жыланды дагы бир жолу көрүү үчүн бардыгына кайыл эле. Бирок, азыр антүүгө түк болбойт. Эптеп Аспекти алып чыгышы керек. Ал тигинин муздак колунан тартып, жогору жөнөдү. Балдар да көл үстүндө күтүп атышыптыр. Аларга карматты да,  жээкти көздөй беттеди. Жерге буту тийген кезде, негедир өзүнөн-өзү алсырап, көл астын-үстүн болгондой, бети менен кулап кулап кетти. Боюн түзөп, турууга аракеттенди. Денеси салмактанып, жогору көтөрүлө албай атты. Канчалык далбастап, жан үрөсө деле туруп кете албай, сууга тартылып, төмөндөйт. Бир маалда суу жутуп, тумчуга баштаганын сезди...

(уландысы бар)

Автор, Мусакун Сатыбалдиев

Булак: «Сырдуу дүйнө»

Последние новости