www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алтындын азабы: Ак жылаандын өчү

Кимдир бирөө колунан тартып, жогору сүйрөдү. Башы суу үстүнө чыга түштү. Какап-чакап атып, оозу толгон сууну сыртка чыгарып, терең-терең аптыга дем алды. Көзүндөгү күңүрттөнүп турган кара булут акырындык менен тарап баратты. Бүдөмүктөнгөн айланага көз чаптырды. Көл жээги, башын ташка жөлөп, калган денеси сууда жатыптыр. Темир менен Акмат Аспекти чоң таштын түбүндөгү тулаңга жаткырып атышат. Кыздар чуру-чуу болуп, аларды тегеректеп турушат. Алман жанынан эч кимди көрө алган жок. Эми эле колунан тартып чыгарган белгисиз бирөө сууга чөгүп кеткендей. Буга таң кала, эки жакты карап жатты да, анан ордунан сүйрөлө туруп, балдарды көздөй илкиди...

Эл оозунда элек жогу чын. Дүңгүрөп эле жатып калды. Бири жанында карап тургансып: «Ой, аны адам буту баспаган зоого төгүн жерден алып барды дейсиңби, ой-боюна койбой, өлтүрүш үчүн атайын алып барды» десе, дагы бирөө: «Ой, адам, ошол аскага ага чейин жан адам чыгып көрбөгөн. Шору каткан бала барбайм деп, жакшы эле кыйыктанган экен. Ага зөөкүр неме болбоптур да. Бир мандеми болбосо ал жакта суутуп коюптурбу дейм да» дейт. Куру калгансып үчүнчү бири: «Туура, ал башынан эле шойкомдуу бала эмес беле. Ата-энесине таянган неме оюна келгенин кылат да. Мына, бөпөлөп өстүргөн баланын жасаганы. Жазыксыз бирөөнүн канына забын болду» десе, анын сөзүнө тигиниси от тамызат: «Ошону айтсаң, ай. Аспек жибектей созулган бала эмес беле, чиркин. Көрчү, бир шайтандын айынан бөөдө жерден жайрады, бечара» шеп шыпшынат. Аларга кулак салып турган карыя салабаттуу үн катат: «Ой, сөз дегенди кичине абайлап сүйлөсөңөр болбойбу. Адам дегенди жөндөн-жөн эле өлтүрө бермек беле, анын үстүнө адам өлтүрүү ошончолук эле оңой болуп кетти дейсиңерби, ботом. Тигил балдар кан-какшап айтып жатышпайбы нары жактан качып келип секиришти деп. Берки баланын айтымында карышкырлар кубалаптыр да. Анан жан аргасы кылып, көлгө секиришкен экен. Антпегенде бөрүлөргө жем болушмак. Бечара Аспек башы менен ташка тийген окшойт, бир чыкыйы жарып кетиптир дешкени ошо». Эмнеси болсо да айыл ичи кыйлага басылган жок. Муну миң түрлүү жомокко айландырып жибере жаздашты. Бул айылда мындай кырсыктуу өлүм сейрек болгондуктан ушунча дуу болду окшойт. Окуянын чын-төгүнүн укук коргоо кызматкерлери да так аныктай алышкан жок. Эки милиционер балдарды «Таш-Булакка» алып барып, майда-чүйдөсүнө чейин сурап, жазып алышты. Жылан өлтүргөн жерди көрсөтүшүп, анан анын жанчылган өлүгүн таппай калышканын айтып беришти. Тигил экөө бирин-бири карап туруп, ийиндерин куушуруп коюшту. Бирок, алар Алмандар чыккан зоого чыгып барууну ойлоп да коюшкан жок. Иликтөө ушуну менен тамам болду.

Сот эмне кылсын. Кылмыштын себеби, далили аныкталбагандыктан бул боюнча козголгон ишти токтотуп коюшту. Албетте, мында да Алмандын атасы четте карап турбады. Нары чуркап, бери чуркап дегендей, кыйла аракет кылды. Кыйла чыгым болгону да белгилүү дечи. Милиция кызматкерлери кызарган жерден кыя өтүшпөйт эмеспи. Бирок, бардык нерсенин эбин тапкан киши эмеспи. Акыры кыйчалыш иштин жигин билгизбей бүтүрүп, уулун камырдан кыл сууруган сымал куткарып алды. А Алмандын өзү буга анча деле кубанган жок. Бары бир сезим тереңинде өзүн актай албады. Классташ теңтушунун өлүмүнө өзү гана себепкер болучу. Антсе да сотто муну ачык айтып бере алган жок. Буга кудурети жетпеди, алсыздык кылды. Мунусу менен Аспекке, ошол каргашалуу жерге барган бардык классташтарына чыккынчылык кылып койгонун да түшүндү. Ал жердеги өлтүргөн жыландын жок болуп кетиши, айрыкча зоонун кырында бөрүгө жолукканы, аны менен кадимкидей сүйлөшкөнү, көлдөн чыга албай, думугуп кала жаздаганда белгисиз бирөөнүн алып чыкканы өзүнчө эле таң каларлык, акыл-эске сыйгыс нерселер эле. Алардын сырын түшүнө албады. Булар жөнүндө эч кимге ооз ачпады. Айткан күндө да эч ким ишенмек эмес. Ал тургай кайра шылдыңдуу карап: «Койчу ай, болбогон жомогуңду. Же эмне, бизди жомокко ишенген жаш балдар катары көрүп турасыңбы. Токточу, сен өзүң акылыңдан айнып калгандан соосуңбу» дешмек. Кээ бир кездерде чын эле акылыман айнып баратамбы деген күдүк ойго уруна калган учурлары болот. Кечке үйүнөн чыкпай, китеп тиктеп олтурганы олтурган. Теңтуштарынан алыстап, чакырып калышса жок шылтоону айтып, кеткиче шашат. Жетилүү аттестаты колуна тийген немелер көңүлдөрүнө канат бүткөндөй алып-учуп: «Мен тигил окуу жайына кирип окуйм» деп бири айтса, экинчиси: «А мен баланча университеттин түкүнчө факультетин бүтүрүп, бастанча болуп чыгам» деп күжүлдөйт. Ошол көздөгөн окуу жайына өтө алабы, же кулап калабы - иши жок. Чама-чаркы бары деле, жогу деле чамынат. А Алманда анын бири жок. Буга чейин университеттин журналистика факультетине кирүүнү купуя самай турган. Көптөн бери ошол кесипке ээ болгусу келип жүргөн. Майда кабар, макала жаза кое турган. Бир нече жолу жазгандары балдар газетасына басылган. Ал тургай ошо газетанын «Жаш кабарчы» деген бурчуна сүрөтү менен чыгарышкан. Ата-энеси да анын бул оюн колдоп жүрүшкөн. Ырас, атасы муну адеп укканда: «Кой уулум, журналисттер эле жыргап кетиптирби. Жарыбаган айлык менен айдан айга эптеп жетишет. Андан көрө соода тармагы боюнча окуу жайга кирип, бир кесипке ээ болсоң кор болбойсуң. Кийем дегениңди кийип, ичем дегениңди ичесиң. Мен турбаймынбы балам, колумдан келишинче жардам берем. Сен көпкө жетишиң керек» деген. Бирок, баласынын өз оюнан кайтпай турганын билгенден кийин, мунун да бир билгени бардыр, мейли, өз билгенин кылсын дегендей жайына койгон.

...Кеч бешим болуп калган. Алман кайсы бир китепти алдына ачып коюп, мелтиреп карап олтурду. Баятадан бери бир барагы ачылбады. Ишинен кайткан атасы жанына келип, катар олтурду:

- Өткөн иш өттү, балам. Ага кайгыра берүү эми кажатсыз. Же сен аны атайылап түртүп жибербесең. Минтип чүнчүй берсең жок болуп кетесиң. Китептен эле баш көтөрбөйсүң, балам. Тышка чыкканыңды да көрбөйм. Курбуларың окуу жайларына документтерин тапшырып бүтүп калышты. Сен кыймылдабайсың, деги эмне кылайын деген оюң бар?           

Алман көпкө унчукпай олтурду. Атасынын суроосуна эмне деп жооп берерин билбей атты. Анан ал китептен башын көтөрдү да, атасына тике карап, кандайдыр чечкиндүүлүк менен:

- Ата, мен окубайм. Быйыл чоң атама жардам берип, келерки жылы армияга кетем, - деди.

- Сен эмне, жинди болдуңбу? - Атасы ордунан чок баскандай тура калды. Анан бир нерсени ойлонгондой, кайра олтурду. Китепти колуна алып, темасын карады. «Дүйнөдөгү сырдуу окуялар» деген китеп экен. Аны таштап койду.

- Мунуң болбогон нерсе, уулум. Төрт жылыңды бөөдө өлтүрөсүң. Армияга окууңду бүтүп алып деле барсаң болот, кааласаң алып калам.

- Аныңызга ишенем, ата. Армия эмес, кааласаңыз өлүмдөн да алып каласыз. Бирок, мени өзүмдөн, өзүмдүн жан-дүйнөмдүн армиясынан, түрмөсүнөн алып кала аласызбы, ушуга сиздин кудуретиңиз жетеби? 

Баласы мындай күтүлбөгөн, табышмактуу суроо берет деп күтпөгөн киши эмне деп жооп берерин билбей, олтуруп калды. Чынында бул суроонун түпкү маани-маңызын жете түшүнө албады. Кичинесинен эч нерседен кем кылбай, каалаганын алып берип, ичем дегенин ичирип, жейм дегенин жедирип, бапестеп баккан бала анын айткан-дегенин эки кылчу эмес. Эми ага каратып туруп каршы чыгып, каяша айтып турушу оор тийди. Деги эле өзүнө каршы чыккан эч кимди кезиктире элек эле. Буга таң калып, бир четинен кыжыры келди. Бул жарыбагырга кимге каяша айтып, үнүн көтөрүп атканын түшүндүрүп коюш керек. Ал үнүн өкүм чыгарды:

- Эмесе мындай, уулум...

- Ата, кереги жок. Эч нерсенин кереги жок. Мени тоого жеткирип коюңуз, бул армиядан алып калууга караганда жеңил эмеспи. Болбосо жөө кете берем. - Алман ордунан шарт туруп, жанагы китепти көтөргөн боюнча тышка чыгып кетти. Тигил киши анын артынан карап, жалдырап олтурган боюнча калды...

Тоо. Кандай керемет жер. Андай болбосо эмдигиче Алман эмне болот эле. Үйүндө чүнчүп олтуруп, атасы айткандай, жок болуп кетет беле. Антиши да мүмкүн эле. Эми такыр башка. Оор сезимден бара-бара арылып, көңүл асманындагы удургуган кара булуттарды шамал айдап кеткендей. Шылдыраган муздак, көз жашындай тунук булактан аптыга жутуп, арча, түркүм гүл жыттанган абадан көөдөн кере дем алат. Канаттуулардын таңдан кечке чурулдашканын угат. Ушундан канагат, ырахат алат. Ошо канаттуулар менен кайдадыр алыска, адам кыялы жетпес жактарга учуп кеткиси келет. Эртең менен туруп алып, күндүн алгачкы нурун тосуп алат. Бул нерседе түшүндүрүп бере алгыс  бир күчтүн бар экенин сезет. Ушул убакка чейин муну сезип-туйбаганына таң кала түшөт.

Анын келиши Жумаш карыяга да жакшы болду. Колу-жолу кыйла бошоп, нары-бери эркин бастырып калды. Малдын малдай түйшүгү бар эмеспи. Ага чыдаган киши чыдайт. Бул карыя кырк жылдан ашык өмүрүн мал артында жүрүп өткөрдү. Дале демдүү, жакага түшүп, тынч алайын деген ниети жок. Көнүп калган турмушту өзгөртүп жиберүү оңой-олтоң нерсе эмес тура. Тоосуз, алдында айдаган малысыз жашоосу жоктой сезип кетет. Бирок, мезгил деген өз мыйзамын так аткарган түгөт да. Барган сайын карылыгы сезилип, бели бүкчүйүңкү тартып, жүзүндө бырыштын желеси чегеленет. Эки уулу эки жерде очор-бачар, өздөрүнүн арбайын согуп келет. Экөө тең кызматкер, эл бийлеген чоңдордон. Демек, карыянын жолун улап, кырк жыл колунан түшпөгөн таягын ала турганы жок. Бир четинен уулдарынын илим-билим алып, эл ишинде жүрүшкөнүнө сыймыктанып кетсе, экинчи четинен таягын ала турган уулунун жок экенине ичи эңшериле түшөт. Балким, ушул кемтикти небереси толуктап кетер. Оо, андай күн кайда. Бирок, райондун бир четин чойгон беделдүү адам баласын кантип эле кой артына салып койсун. Мындай эзели болгон эмес. Ал өзүнүн жолуна салат. Жетекчинин баласы жетекчи болушу керек. Колдон келсе областтык, ал тургай республикалык деңгээлде болсо жаманбы. Албетте, жок. Ошентип, Алмандан да үмүтү үзүлө түшкөн карыя, өзүнчө терең улутунуп алат. Эмнеси болсо да, кайда жүрүшсө да аман-эсен болушса болду деп, ниетинде топук кылат.

- Балам, сен келип, колумду узартып койбодуңбу, кудай жалгап. Жакага түшпөгөнүмө үч айга чукулдап кетти. Мал деп жүрүп, айыл-ападан деле алыстап кетет экен адам. Турмуш болгон жерде жамандык-жакшылык деген болот. Эки кишиге топурак сала албай калдым, кабар кеч келип. Барып куран окуп, үй-бүлөсүнө көз көрсөтүп келейин. Сен малга көз бол, кудай сактасын, азыр ит-куш деле жок. Ошентсе да малды кароосуз таштап коюшка болбойт, балам. Эки күндө келип калам, - деди Жумаш карыя эртең менен чай ичип олтуруп.

- Кам санабаңыз, чоң ата. Малдын жайын билип калбадымбы. Кечинде кашаанын оозун бекемдеп байлап коем.

- Ошент, айланайын. Чоң энең экөөң оокат кылып тургула.

- Шашпай эле келиңиз, чоң ата. Жумуштарыңызды бүткөрүп, эс алыңыз.

- Адам чалкалап жатып алып эс албайт, балам. Мага тоодо жүрүүнүн өзү эс алуу.

- Бул жерден мен да кетпес элем, - деди өзүнчө ойго туна. «Таш-Булак», андагы жүрөк титиреткен окуя эсине кылт этти. Мында келгенден бери ал жакка бара элек эле.  

Мында келгени Алман эрте турганга көнүп калган. Анын үстүнө бул жерде негедир айылда, үйдө жүргөндөгүдөй уктай албайсың. Таң кулан өөк салганда эле өзүңөн өзүң ойгонуп аласың. Балким, бул да тоонун бир касиетидир. Эрте турган жан таңкы ырыскыдан куру калбайт дегени да ушундан болсо керек. Чоң атасы муну көп айтат.

Күндөгүдөй эле бүгүн да эрте турган Алман чуркап чыгып, арыктагы муздак сууга бети-башын шапшына жууп, керилип-чоюлуп алды. Нары-бери чуркамыш болду. Таштардан тизип, тегерете курчалган мал короонун эргилчегин ачып, койлорду айдап чыкты. Ушундан соң гана үйгө кирип, чоң энеси экөө чай ичишти. Ал киши дайындап берген азык-түлүк салынган баштыкты канжыгага байлады да, жайыла берген кой артынан бастырды. Бул күнү малды «Таш-Булак» тарапка жайды. Жайыт бир топ жайык, кенен. Бул жерден мал чачырап кетсе да жоголуп кетпейт. Себеби сол тарабы улам бийиктеп олтуруп, куйма шагылга, андан жогору бийик тоого такалат. Ал жакка кой эмес, жапайы эчкилер чыга албайт. Ал эми оң тарабын тээ жогорудагы чакан көлдөн агып чоң суу торойт. Андан мал кечип өтө албайт. Төмөн, кокту этектеп кетсе өздөрү олтурган боз үйгө, таш короого барып такалат. Таламандын дал түшүндө ит-куштун кол салып жибериши күмөн. Буга чейин мындай кооптуу окуянын болуп өткөнүн кулагы чалган эмес. Демек, мал арасынан бирин-экини калың бадалдарга кирип кетип, бөлүнүп калбаса, жоготуп алуу коркунучу жок. Ушундан улам анын көңүлү жайында болучу. Тору атты тизгинден жетелей, чачыраган койдун артын акырын сүрүп, улам алга жылат. Кой айдаганга жедеп көнүп бүткөн Алаяк ит да анын оюн айттырбай түшүнгөнсүп, артта калган бирин-экин койду жетип барып кубалап келет.

Түш оой бергенде ыңкыган койлордун кыймылы азайып, күн аптабынан корголоп, биринин көлөкөсүнө бири башын катат. Тытышкан бадалдын болор-болбос көлөкөсүн талаша, жөөлөшө кетишет. Алардын туяктары тийген тулаң арасынан бармактай чекирткелер туш-тарапка бадырай качышат. Зуу-зуу эте секиргендери кулакка даана угулат. Шылдыраган суу менен үн алыша, тынымсыз чырылдашат. Алар менен атаандашкандай, карагай арасынан күкүк муңкана шаңшыйт. Алман мурда байкабаптыр, күкүктүн үнүндө кандайдыр бир терең катылган муңдун, жүрөктү тыз эттирген кайгынын, өксүктүн кайрыктары бар экенин сезди. Бул ал үчүн жаңылык эле.

Боз үйдөй болгон бодур ташка наркы, жантайыңкы тарабынан чыгып, туш-тарапка суктана көз чаптырды. Кандай ажайып жер. Жер сулуулугун көрө, сезе билүүгө да чоң баамчылдык керек тура. Же бул жерге экинчи ирет гана келгениненби. Өткөндө, балдар менен келген учурда мынчалык кооз көрүнгөн эмес. Мүмкүн балдар менен алышып-ойноп келип, анан ойго келбеген кайгылуу окуя менен кеткендиктен көп нерсе көз жаздымда калгандыр. Эмнеси болсо да азыр башкача көрүнүп турду. Канча караса да, келберсиген тоо көркүнө көзү тойгудай эмес. Көңүлүнө канат бүтүп, шарт коюп учуп кеткиси келет. Тээтиги адам колу жетпеген ак мөңгүлүү, асман тиреген чокуларга учуп баргысы келип, өрөпкүйт. Чын эле алар чексиз асмандын тирөөчүндөй сезилип да кетет. Ушундай керемет жерде жашап калган адамдын багы чексиз сыяктанат.

Таш үстүндө серейип турду. Акырын бурулуп, «Таш-Булак» тарапты карады. Көз учунда бийик зоо асманга бой созо залкаят. Анын боорунан атырыла чыккан суу көрүнбөйт. Бул жерден ага чейин кыйла жол бар эле. Тээтиги бетке чейин малды жайып барса болот. Андан нары кенен бир сааттык жол жатат. Көзүн тартпай, көпкө чейин тунжурап карап турду. Эмне үчүндүр бар дити ошол тарапка тартылып, сезиминде бир уйгу-туйгу ой баш көтөрө баштады.  Эртең менен чыкканда ал жакка барам деген ою жок болучу. Эми өз оюна, өз каалоосуна өзү ээ боло албай, таш үстүндө ыргалып турду. Бир маалда таштан секирип түштү да, атын шаша минип, ошол тарапты көздөй чаап жөнөдү. Алаяк кошо чуркады. Ат үстүнөн кылчая берип: «Алаяк, кет, койго көз бол» деп, анысы түшүнүп койчудай кыйкырды. Бирок, ит ага чын эле түшүнө калгандай, бир аз чуркап барып, токтоп калды. Койдун кете турган тарабына өтүп, чаап бараткан баланы карап, шоңшоюп отуруп калды.

Алман ат жеткен жерге чейин барды да, чылбыр учун билектей талга байлады. Андан нары аттама таштардан аттап-буттап өтүп, жөө жөнөдү. Эмне үчүн баратканын, дегеле ал жакта эмне  тартып жатканын ойлогусу келбеди. Иши кылып эле жетүүнү көздөп, алка-шалка терге түшүп, ашыгып баратты. Ансайын жол өр тартып, татаалданат. Жогору чыга берип, буту жылма таштан тайып кетти. Тизеси таш урчугуна катуу тийип, көзүнөн от чагыла түштү. Жерге олтура калды. Тизеси айрылып кетиптир, кан сызылат. Анысына карабады, кайра туруп, аксаңдай басып жолун улады. Мына, бет маңдайда тик турган аска, анын тээ жогору жагында түндүктөй оюктан шаркырап агып жаткан суу. Жээгине жата калып, аптыга жутту. Терге чыланган башын малып-малып алды. Заматта сергиди. Өткөндө, балдар менен келгенде бошогон бөтөлкөлөрдү, консерва калайларын, аны-мунуларды таштаган боюнча кетишкен экен. Чынында буларды жыйнаганга деле чамалары келбей калбадыбы. Ойноп келип, кайра бир классташынан ажырап, кемип, ыйлап кетишпедиби. Алман бутунун ооруганына кайыл болуп, аларды чоң таштын  түбүнө чогултуп, бери жагынан таштар менен бастырып койду. Санаасы тынгандай, нары басты. Өткөндө өздөрү олтуруп, уйпалап таштаган тулаң чөп кайрадан жанданып, көтөрүлө түшкөн экен. Чөпкө да жашоо керек, алар да күнгө умтулушат.

Тизеси ооруп жатты. Чоң түп бадалдын нары жагынан өсүп турган бака жалбыракты көрдү. Бая күнү чоң атасы кесип алган колуна бака жалбырак тартып койгонун көргөн. Жараты эртеси эле айыгып калган экен. Азыр ошону эстеди. Тизесин таза жууду да, жалбырактан үзүп, кан чыгып жаткан жерине басты. Майкасынан узата айрып алып, бекемдеп таңып койду. Кылчая карап, баягы жылан өлтүргөн чоң ташка көз чаптырды. Ооба, ошол таштын жанында болучу. Жаземдебей тааныды. Аксаңдай, ошо тарапка басты. Нары жак, бери жагын карады. Эч нерсе көрүнгөн жок. Жыланга тийген таштар ошо бойдон жатыптыр. Бирин колуна алып, кылдаттык менен тыяк-быягын карады. Кандын, же бир башка тактын изи жок. Башкасын алды, анда да эч нерсе жок. Кимдир бирөө жууп койгондой. Жыланды соккондо былч эте тийип, кандайдыр бир бозомтук суюктук чачырап жатпады беле. Жыландын каны башкача болот тура, деген ой тык эте көңүлүнө урунган. Кантип эле ушунча таштын биринде так калбасын? Же жаанга жуулуп калды бекен? Ал улам бирин алып, карап жатты. Акыры бөөдө убараланып жатканын түшүндү. Чын эле ошондо жылан өлтүрүшкөнүнө ишене албай да кетти. Бирок, аны суу алдындагы үңкүрдөн көрбөдү беле. Же ал такыр башка, ошого окшогон жыланбы? Баса, кургакта жашаган жылан сууга кантип кирди экен? А эмне үчүн аны чагып алган жок, жакын эле эмес беле. Тигил аскадан көрүнө калганычы. Чын эле анда көрүндү беле? Көргөн күндө деле ага жетүүгө  эмне үчүн алып-учту экен? Ал го ал болсун. Жанагы ээликкени, эч нерседен эч нерсе жок туруп, бул жакка чапкылап келгени эмнеси? Дагы ошо жыландын көрүнбөгөн, адам түшүнө албаган сырыбы? Бул суроолордун бирине да жооп бере албады.

Денесинен кубаты шыпырылып түшкөндөй шалдырап туруп, кайра бурулду. Бир, эки кадам таштап барып тык токтоду. Кайдан чыга калганы белгисиз, бет маңдайында башын жогору көтөрүп, билектен жоон, кулачтаган жылан карап туруптур. Дал баягы, ушул жерден жанчып өлтүргөн жылан. Негедир ал карегине сиңип калган. Ошондуктан дароо тааныды. Анын топчудай жылтыраган, кыймылсыз көздөрү карегине урунду. Бүткүл денеси дирт этти. Кандайдыр бир жалын каптап өткөнсүдү. Бирин-бири тунжурап карап, каткан казыктай катып турушту. Ирмелбеген көздөрдөн чыккан көрүнбөгөн нур Алмандын каректерин көзөп өтүп, дал шилисинен чыгып жаткансыды. Буту-колдору шал болуп калгандай сенейет. Бир кыймыл жасаса шалак эте жыгылып түшчүдөй. Анда эле иштин бүткөнү. Тигил бир серпилүү менен жетет. Чагып, же оролуп алат. Анан үч кулачка чукулдаган бул балээден кутулуп көр. Демек, бул жерге өзүнөн-өзү ээлигип келгенинин жөнү ушул тура. Белгисиз бир күч аркылуу чакырган экен да. Ооба, ар бир жасаган ишине, ташталган кадамына эртеби, кечпи, бары бир жооп берүүчү учур келет. Мындан качып кутулуу мүмкүн эмес. Дени өлгөн жигит эми бардыгына даяр эле, мындан башка аргасы жок болучу. Мына, жылан азыр бир серпилет, ошону менен иш бүтөт. Ушуну ойлогонго үлгүрдү. Бирок, андай болбоду. Жыландын каптал жагында жаткан зор таштын боорунан чыга калган сымал, заматта бир карышкыр пайда болду. Бул да ага тааныш эле. Жылан көз ирмемде башын ал тарапка шарт буруп, чыңалып турган катуу пружинаны кое бергендей бир серпилди. Карышкырдын дал башына тийгенсиди. Жок, антпептир, ошол учурда ал таш үстүнөн көрүндү. Жылан башы менен таш боору былч этти. Боз үйдөй таш солк эте түшкөнсүдү. Түпкүчтөй түйүлүп, өзүнө-өзү оролуп, оролуп алды да, тынчый калды. Башы бычырап кетти окшойт. Эми гана жигитке жан киргендей, катып калган буту-колдору бошоп кеткенсиди. Артты көздөй үч-төрт кадам секирди. Баятадан тумчугуп туруп, эми гана аба келе калгандай, терең-терең дем алды. Шалдырап барып, артындагы уюл ташка көчүк басты.

Караса жанагы таш үстүндөгү карышкыр жок. Өң менен түштүн ортосунда болуп өткөндөй окуяга ишенип-ишенбей олтурду. Бирок, ички сезиминде анын баягы, «өзүнүн» карышкыры, бөрүсү экенин түшүндү. Ушундай кыйчалыш учурда келип, өлүмдөн куткарып калганы үчүн ага ыраазы болуп кетти. Ниетинде: «Ырахмат сага, бөрү» деди. Бирок, негедир ал өткөндөгүдөй «сүйлөшпөдү». Мунусуна түшүнө албады. Эмнеси болсо да таштап кетпептир. Өзү менен бирге жүрүптүр. Керек учурда жардамга келет экен. Демек, баягыда көлдөн чыга албай калган учурда колдон тарткан да ошол тура. Буга чейин ойлобогонун кара. Жылан тарапты карады. Ал дале жанагы калыбында жатыптыр. Балким, өлүп калгандыр. Жакындап баргысы келбеди. Тийгиси да келбеди. Өткөндө балдарга кошулуп, таш көтөрө чуркаганына азыр өкүнүп кетти. Өзүнчө жүргөн зыянсыз макулукту эмне үчүн өчү бардай жанчышты экен, акылсыздар. Баса, ошондо Аспек биринчи чуркап барып, муштумдан чоң таш менен башка койбоду беле. Былч дей түшкөнүн өз көзү менен көргөн. Ушундан кийин гана калгандары башташкан. Муну азыр эстеди. Ошентип, Аспектен өчүн алган тура, болгондо да Алмандын колу менен. Мына, жылан болбосоң кое кал. Ушундай да керемет болобу? Буга ишенүү керекпи, же акыл-эсинен айнып баратабы? Ошондо балдарды токтотуп калганда бардыгы башкача болот беле? Көсөөнүн акылы түштөн кийин дейт. Өзүнчө кыжаалат болуп, өзүнө өзүнүн кыжыры келди. Ордунан туруп, дагы бир жолу жыланды карады, өзүнө өзү оролуп, түпкүчтөй болуп жатат. Таш бетине бир нерсе чачырагандай көрүндү. Башы жарылып, каны чачыраган болсо керек. Боору ооруп кетти. Экинчи жолу өлтүрүп жатпайбы. Же бул башкасыбы? Ким билет. Эмнеси болсо да жер чукуп, көөмп койгусу келди. Ушул учурда жылан кыймылга келип, башын көтөрдү. Анан акырын жылып, көлдү көздөй жөнөдү. Бүткүл денеси эми көрүндү. Үч кулачтан өтө чапчудай. Кыргыз тоосунда ушунчалык чоң жыландын болорлугун уккан эмес. Ал эч нерсе көрүп, туйбагандай жай баратты. Жигит арт жагынан ээрчиди. Негедир азыр анда коркуу сезими жок эле. Жылан түз барып, көлгө кирди. Алман да карап турган жок. Үстүндөгүлөрүн чечип ыргытып, окчундай сүзүп баратты. Тунук суудан жылан кадимкидей көрүнөт. Ийрелеңдей сүзүп, баягы калың түп бадалдын арасына кирип кетти. Алман аны айлана берип, үңкүрдү көрдү. Жылан ошого кирип кетти. Ичи караңгы эле. Үңкүрдүн канчага чейин созуларын да билбейт болучу. Ал кайра тартты. Жээкте жаткан шымын кийип атып, тизесиндеги жаракаттын жок болуп калганын көрдү...

Мусакун Сатыбалдиев

Булак: «Сырдуу дүйнө»

 

 

Последние новости