www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК “Бир бол” фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Турдубаевичтин апасы Паизкан Сулайманованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө жакындарына көңүл айтам. Алтын орду толгус оор жоготуу болуптур.
Жараткандын жазмышы экен атанын да эненин да ордун толуктап өзүңдөй эл жүгүн көтөргөн татыктуу уулду тарбиялаган арка бел туткан апаңдан айрылып, кабырган кайышып турганда кайрат айтып сабыр тилейм. Алтын апаңдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, арты майлуу-сүттүү болсун, бейиштин гүлбакчасында жүрсүн.
Кайрат кыл иним, бир туугандарың, бала-бакыраң менен аман бол. Мындан ары жакшы күндөрдү кудайым насип этсин.
Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Бөдөш Мамырова
Булак: NazarNews.kg