www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөндө аялын сабаган жолдошу кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
10-июнда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн, 11-июнда жабырлануучунун жолдошуна айыбы угузулуп, шектүү катары Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Жакын арада тергөөнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн сотко жөнөтүлөт.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта «Жолдошум 6 жылдан бери сабайт» деген аялдын видеосу тараган. Ош облустук милициясы маалымат берип, 29-майда кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Бир нече убакыт өткөн соң кайрадан видео тарап, аял «милиция чара көрбөй жатат» деп нааразычылыгын билдирген.